Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдөгү айыптар каралган

Чүй өрөөнү
Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдөгү айыптар каралган

Кыргызстанда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аңчылык кылып, атып жок кылгандарга каршы чоң өлчөмдөгү айыптар каралган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору тарабынан күтүүсүз текшерүүлөр жана купуя маалыматтардын негизинде ыкчам рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Айтсак, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүчө каралган.

Илбирс – 2 000 000 сом

Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен – 1 500 000 сом

Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн – 50 000 сом

Эске салсак, жакында Суусамыр өрөөнүндө мыйзамсыз атылган кийиктин этин бышырып жаткан жеринен браконьер кармалып, иши тергөөгө өткөн.  

Министрлик жарандарды мыйзамды сактоого чакырат жана мыйзамсыз аңчылык боюнча фактылар тууралуу министрликтин 108 номерине купуя маалымат берүүңүздөрдү өтүнөт. Жаратылышты бирге сактайлы!