Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр синтетикалык тор жана 40 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр синтетикалык тор жана 40 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын 29-октябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан көлдүн акваториясын тазалоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө көлдүн акваториясынан 2500 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылып, 40 килограмм таштанды тазаланды.

Мындан тышкары, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар уюштурулду. Анын алкагында көлдүн ичинен дагы 600 метр эски синтетикалык тор чыгарылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошентип, бир күн ичинде Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды.

Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.


Министрлик тарабынан көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, суу ресурстарын коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.