Бир күндө Ысык-Көлдөн 1400 метр эски балык уулоочу торлор жана 20 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көл өрөөнү
Бир күндө Ысык-Көлдөн 1400 метр эски балык уулоочу торлор жана 20 кг таштанды чыгарылды

Суу биоресурстарын коргоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу экосистемаларын сактоо максатында кечээ, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунда рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Тоң жана Ысык-Көл райондорунун акваторияларында уюштурулуп, 4 даана эски балык уулоочу тор табылып, көлдөн чыгарылды. Алардын жалпы узундугу 400 метрди түзөт.

Ушул эле күнү, Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы да рейддик иш чара өткөрүп, анын жыйынтыгында көл 1000 метр тор жана 20 кг таштандыдан тазаланды. 


Белгилей кетсек, жыл башынан бери министрлик тарабынан өлкөнүн суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо багытында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 160 миң метрден ашык эски балык уулоочу тор жана 4 миң килограммга жакын ар кандай таштанды чыгарылган.