Илбирсти аткандарга 2 миллион сом айып пул салынат

Чүй өрөөнү
Илбирсти аткандарга 2 миллион сом айып пул салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн айыпты эсептөө ставкалары жогорулатылганын билдирет.


-ак илбирс – 2 млн сом (1,5 млн сом болгон); 

-тоо койлору (аркар), күрөң аюу, марал (бугу), жейрен – 1,5 миллион сом (1 миллион сом болгон); 

- Тоо теке – 300 миң сом (100 миң сом болгон), элик – 100 миң сом (50 миң сом болгон). 

Алсак, 2024-жылдын 12-июлундагы №384 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, мумияларды камтыган зыян үчүн айыптык санкциялардын өлчөмүн эсептөөнүн ставкаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу юридикалык жана жеке жактар тарабынан минералдык чийки заттар жана козу карындар;

- жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммаларын пайдалануунун тартиби белгиленген.

Айып пулдардын  өлчөмүн көбөйтүүнүн негизги максаты - өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү.  Биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртуу секторун коргоону камсыз кылуу, жана жапайы жаныбарлардын жана флоранын санын көбөйтүү боюнча бирдиктүү мамилени аныктоо болуп саналат.

Ошондой эле өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу, популяцияларды жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда броконьерлердин  жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун деңгээлин төмөндөтүү болуп саналат.

Бул өзгөртүүлөр жаныбарлардын жогоруда аталган түрлөрү үчүн жыйымдарды жогорулатууга, ошондой эле жарандарга жана коомдук инспекторлорго дооматтардын суммасынын 50% өлчөмүндө сый акы төлөө механизмин белгилөөгө тиешелүү экендигин эскертебиз. Мыйзам бузгандар боюнча маалымат берген  жарандарга 50% сыйлык төлөнөт.