Ысык-Көлдүн жээгинде чатырдын ичине от жаккан жаранга административдик чара көрүлдү

Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдүн жээгинде чатырдын ичине от жаккан жаранга административдик чара көрүлдү

Социалдык тармактарда тараган видеонун негизинде Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгинде белгиленбеген жерде от жагуу фактысы аныкталып, мыйзам бузган жаранга карата административдик чара көрүлдү.

Тактап айтканда, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз жарандардын көл жээгине чатыр тигип, анын ичинде от жагып жаткандыгы тартылган видео жарыяланган.

Аталган маалымат боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуу фактысы тастыкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин көл жээгиндеги аймакта болгону аныкталган.


Жыйынтыгында белгиленбеген жерде от жаккандыгы үчүн күнөөлүү жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренесине ылайык административдик чара көрүлдү.