Табиятка кам көрүү

Чүй өрөөнү
Табиятка кам көрүү

2026-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын демилгеси менен өлкө боюнча өткөрүлүп жаткан санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрү коомдук жайларды тазалап, куураган жалбырактарды жана тиричилик таштандыларын жыйнап, жашыл аймактарды ирээтке келтиришти.

Иш-чаралар борбор калаа менен чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарында да өткөрүлүп, аймактык башкармалыктар активдүү катышты.

Экология маселеси бүгүнкү күндө мамлекеттик артыкчылыктардын бири болуп саналат. Табиятка аяр мамиле ар бир жарандын жеке жоопкерчилигинен башталат.

Министрлик экологиялык абалды жакшыртууга багытталган иштерди мындан ары да улантат.

Бирге — таза шаар үчүн.

Бирге — таза өлкө үчүн.