850 кг эндик тамырларын сактап жүргөн жаран кармалды
28-ноябрь 2025, 17:31
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Аламүдүн районунун ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 28-ноябрында Ленин айылы, Алматинка көчөсү 216-даректе жайгашкан үйгө “эндик тамырын сактоо” боюнча түшкөн арыздын негизинде ордунан чыгып баруу боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында эндик тамырларын сактап жүргөн жаран аларды Өзбекстандан алып келгендигин билдирген. Ал жерде 850 кг, саны 30 кап болжолу менен айтылды.
Эндик тамырларын сактоо болгону белгиленген жайдын эшигине ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан тергөө жүргүзүү максатында убактылуу пломба басылды. Ал эми үй ээлери Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө амалдарын улантуу үчүн алпарылды.