Жайкы спартакиада жыйынтыкталды: мыктылар аныкталды

Ысык-Көл өрөөнү
Жайкы спартакиада жыйынтыкталды: мыктылар аныкталды

Жайкы спартакиада жыйынтыкталды: мыктылар аныкталды


2025-жылдын 23-августунда “Кыргыз деңизи” эс алуу жайында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жайкы спартакиадасы өтүп жатат. Иш-чара министр М.Машиевдин жетекчилиги алдында өткөрүлдү.

Спартакиадага министрликтин бардык регионалдык башкармалыктары, Кыргыз геология кызматы, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Борбордук лаборатория, Экологиялык департамент, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өкүлдөрү активдүү катышты.

Спартакиаданын негизги максаты — командалык рухту бекемдөө, корпоративдик маданиятты өнүктүрүү, кызматкерлер арасында ден соолукту чыңдоону жана активдүү жашоо образын жайылтуу.

Мини-футбол боюнча жыйынтык төмөнкүдөй болду:

    *    1-орун – Министрлике караштуу Борбордук лаборатория

    *    2-орун – Талас регионалдык башкармалыгы

    *    3-орун – Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы


Эркектер арасындагы волейбол боюнча жеңүүчүлөр:

    *    1-орун – Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы

    *    2-орун – Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

    *    3-орун – Ош регионалдык башкармалыгы


Кыз-келиндер арасындагы волейбол мелдешинде активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлешкен командалар:

    *    Кыргыз геология кызматы

    *    Борбордук лаборатория

    *    Экологиялык мониторинг департаменти

    *    Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.