Мыйзам полимердик баштыктарды колдонууну чектейт

Чүй өрөөнү
Мыйзам полимердик баштыктарды колдонууну чектейт

Бүгүн, 2024-жылдын 18-октябрында өтүп жаткан “Кагаз баштык күнүнүн” алкагында Жаратылыш ресурстар министрлиги Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизген мыйзам бар экенин эскертет.

2027-жылдан баштап республикада полимердик баштыктарды колдонууга толугу менен тыюу салынат. Бул чаралар айлана-чөйрөнү коргоого жана булганууну азайтууга багытталган.

Министрлик бардык жарандарды экологиялык жактан таза альтернативаларга өтүүнү активдүү колдоого жана жаратылышты коргоого катышууга чакырат.