Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Алма айылындагы эс алуу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү
12-август 2026, 11:22
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Кара-Алма айылындагы эс алуу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 12 эс алуу жайынын жетекчилигине эскертүү каттары берилди. Ошондой эле айрым эс алуу жайларында экологиялык талаптардын бузулушу аныкталып, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.
Тактап айтканда, «Чарпая» эс алуу жайынан чыккан тиричилик калдыктары белгиленбеген жерге ташталгандыгы аныкталып, жооптуу тарапка протокол түзүлүп, 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, «Жолдош Ата» эс алуу жайында саркынды суулардын жер үстүнө агып чыгып жаткандыгы аныкталды. Бул факты боюнча 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.