Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Токтогул суу сактагычында балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү
17-август 2026, 11:16
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Токтогул суу сактагычында балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө суу сактагычтын аймагына көзөмөл жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу тор аныкталып, суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылган.
Мыйзамсыз пайдаланылган синтетикалык торлор балык запастарына олуттуу зыян келтиргендиктен, алар суу сактагычтан толугу менен тазаланып, тиешелүү тартипте чара көрүү үчүн каттоого алынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан балык ресурстарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу жана жаратылыш байлыктарын коргоо максатындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлө берет.