Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Экология жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте 2025-жылдын 9–10-ноябрь күндөрү Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого (браконьерликке) каршы рейддик иш-чара өткөрдү.
10-ноябрь 2025, 11:30
Чүй өрөөнү
Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Экология жана техникалык көзөмөл кызматы менен биргеликте 2025-жылдын 9–10-ноябрь күндөрү Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого (браконьерликке) каршы рейддик иш-чара өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо үчүн колдонулган 3 кайык жана 1300 метр синтетикалык торлор табылып тийиштүү тараптардан протоколдор түзүлүп сот органдарына өткөрүлүп берилди. Алынган буюмдар мыйзам чегинде жок кылууга багытталды.
Бул рейд жаратылыш ресурстарын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу максатында уюштурулган.
Мындай көзөмөл иш-чаралары мындан ары да туруктуу негизде улантылат.