Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Раимкулова Асель Кадыржановна «Ноомад ТВ» телеканалынын түз эфирине катышып, экологияга байланыштуу актуалдуу суроолорго жооп берди.

Чүй өрөөнү

Маектин жүрүшүндө абанын сапаты жана мобилдик колдонмолордо көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү, Бишкек шаарында жана региондордо кара түтүнгө каршы көрүлүп жаткан чаралар, айлана-чөйрөнү булгоодогу жеке жоопкерчилик, ошондой эле экологиялык техникалык көзөмөлдүн ишмердүүлүгү кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Ысык-Көлдөгү экологиялык абалга өзгөчө көңүл бурулуп, пляждарды жана көлдүн түбүн атайын техниканын жардамы менен терең тазалоо иштери, кайрадан булгоонун алдын алуу боюнча узак мөөнөттүү чаралар жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү маселелери талкууланды.

Түз эфир коомчулук менен ачык диалог жүргүзүүгө жана мамлекеттин экологиялык саясатын түшүндүрүүгө багытталган аянтча болду.