Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Төрөбаев “Централдык лаборатория” мамлекеттик ишканасына барды

Чүй өрөөнү
Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Төрөбаев “Централдык лаборатория” мамлекеттик ишканасына барды

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Централдык лаборатория" мамлекеттик ишканасына барып, жаңы алынган S6 JAGUAR рентген-флуоресценттик спектрометринин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Аны менен кошо министр М. Машиев жана министрдин орун басары А. Раимкулова да катышты.


Сапардын жүрүшүндө делегация лабораторияга жакында эле алынган жаңы жабдуу — S6 JAGUAR рентген-флуоресценттик спектрометри менен таанышып чыгышты. Учурда бул жабдууну толук кандуу ишке киргизүү үчүн пусконаладка жана методикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Жакын арада жаңы жабдуунун негизинде лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрү ишке кирери күтүлүүдө.


Белгилей кетсек, "Централдык лаборатория" геологиялык объектилерди жана алардын кайра иштетилген продуктыларын изилдөө менен алектенет. Бул багыттагы иштер үчүн элементтердин курамын так жана ишенимдүү аныктап бере турган жогорку тактыктагы аналитикалык жабдуу зарыл. S6 JAGUAR — жогорку спектралдык чечимдүүлүккө ээ болгон волналык дисперсиялуу рентген-флуоресценттик анализ (ВД РФА) ыкмасы менен иштеген универсалдуу прибор.


Анализаторлордун 4 кристаллы жана 5 позициялуу фильтр алмаштыргычы менен бул жабдуу дээрлик бардык элементтерди камтый алат. Бул өзгөчөлүгү менен микроэлементтердин эң төмөнкү концентрацияларын так аныктоого мүмкүндүк берет. S6 JAGUAR дүйнө жүзүндөгү көптөгөн изилдөөчүлөр колдонуп жаткан приборлордун бири.


Жаңы жабдуунун артыкчылыктары:


Компакттуу өлчөмү;


Колдонууга жеңилдиги;


Жогорку тактыктагы аналитикалык мүнөздөмөлөрү;


Анализ жүргүзүүнүн ылдамдыгы — башка компакттуу ВД РФА жабдууларына салыштырмалуу 50%га кыскарган;


2 эсеге жогору өндүрүмдүүлүк же 30%га жогору тактык менен иштейт.


Спектрометр 400 Вт түз чыгуучу кубаттуулуктагы булак жана жаңыртылган HighSense™ XE детектору менен жабдылган. Бул технология анализдин тууралыгын жана кайталануучулугун камсыз кылып, өндүрүштүк лабораторияларда сапатты көзөмөлдөө ишинде өзгөчө мааниге ээ.


Мындай жабдуунун лабораториянын техникалык базасына кошулушу аналитикалык изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.