Жаңы дайындоолор

Чүй өрөөнү
Жаңы дайындоолор

2025-жылдын 5-сентябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин эмгек жамаатына жаңы дайындалган жетекчилерди тааныштырды.

Иш-чарага министр М.Машиев, министрдин орун басары А. Раимкулова, М. Жусупбеков жана министрликтин кызматкерлери катышты.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык:

•    Джусупбеков Болот Джаныбекович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

•    Мусаев Алмаз Мустафаевич Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды.