Сейрек өсүмдүктөрдү мыйзамсыз даярдоого жана экспорттоого тыюу салынат

Чүй өрөөнү
Сейрек өсүмдүктөрдү мыйзамсыз даярдоого жана экспорттоого тыюу салынат

Акыркы убактарда эндик өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз жыйноо, сатыкка жана экспорттоого даярдоо боюнча катталган бир нече фактыларга байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарына кирген айрым өсүмдүктөргө Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28 майындагы «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна ылайык мораторий бар экендигин эске салат.

Ал өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, экспорттоого, ошондой эле жапайы өскөн дары-дармектик, техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьёсун даярдоого болбойт.

Алардын катарына: Эндик (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk.), ясенец (Dictamnus L.), аконит (Aconitum L.), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch.), родиола (Rhodiola L.), самарканд өлбөс гүлү (Helichrysum maracandicum), Ольга жөө желими (Lindelofia olgae), узун мамычалуу жөө желим (Lindelofia macrostyla (Bunge)), мамычалуу жөө желим (Lindelofia stylosa) жана Чимган жөө желими (Lindelofia tschimganica) өсүмдүктөрү кирет.

Мораторий 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.