“MINEX Central Asia” геологиялык форумуна аккредитациялоо башталды

Чүй өрөөнү
“MINEX Central Asia” геологиялык форумуна аккредитациялоо башталды

2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкекте MINEX Central Asia 10-кен-геологиялык форуму өтөт. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда. Мындай форматтагы мурунку MINEX форуму 2018-жылы Казакстанда өткөн.

Кыргыз Республикасынын  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иш-чараны кеңири чагылдыруу үчүн ЖМКларды аккредитациялоону баштоодо.

Катталуу үчүн 2024-жылдын 17-июнунун саат 18:00гө чейин атайын форманы толтуруңуз. Бардык ЖМКаларды  бул иш-чараны чагылдырууга чакырабыз.
Форум_Майнекс_ЦА.docx