Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат

Чүй өрөөнү
Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жана аларды олжолоо үчүн сыйлыктарды төлөп берүү тууралы төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 89 токтомуна ылайык, карышкырлардын, чөөлөрдүн санын жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө Министрлик тараптан, сыйлыктарды төлөп берүүгө атайын каражаттардын эсебинен алты миллион сом өлчөмүндө жыл сайын каржы бөлүнөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде, карышкырларды жана чөөлөрдү олжолоонун фактысын, мезгилин жана убактысын күбөлөндүрүү, алардын жашын, ошондой эле көрсөтүлгөн терилердин түрдүк таандыгын аныктоо, аларга белги салууну ишке ашыруу, олжолоо жөнүндө актыларды тариздөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан атайын комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамына мамадминистрациянын, ветеринардык кызматтын, ыйгарым укуктуу органдын, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын өкүлдөрү киришет. Комиссиянын ишинин графиги мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан бекитилет жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. 

Мамлекеттик администрация жеринде координациялоо жумуштарын алып барат.

 Жарандар тарабынан берилген тийиштүү документтер Комиссиянын кароосунан өткөндөн кийин тиешелүү акт түзүлүп Министрликке келип түшөт. Комиссиянын чечиминин жана түзүлгөн актынын негизинде Министрлик акчалай сый акылар өз убагында төлөнүп жатканын маалымдайбыз.