Жаратылыш ресурстары, министрлиги “Омега Уголь” ЖЧКсы боюнча фб колдонуучу Кылычбек Капаровдун суроолоруна жооп берет

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, министрлиги  “Омега Уголь” ЖЧКсы боюнча фб колдонуучу Кылычбек Капаровдун суроолоруна жооп берет

"Омега Уголь" ЖЧКсына 2022-жылдын 1-июлунда № 7158 СЕ сандуу лицензиясы 2042-жылдын 1-июнуна чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан “Загара” кен чыккан жеринин Батыш бөлүгүндөгү №3 участкасына көмүр кенин казууга берилген.

    2022-жылдын 15-мартында №1729 протоколу менен мамлекеттик баланска 2036.6 миң тонна көмүр кени коюлган.

    "Омега Уголь" ЖЧКсына 7158 СЕ лицензиясынын негизинде көмүр кенин казууга лицензиялык келишими 2022-жылдын 9-ноябрында берилген.

    “Загара” кен чыккан жеринин Батыш бөлүгүндөгү №3 участкасына көмүр кенин казууга болгон техникалык долбоордун негизинде көмүрдү казуу көлөмү 2022-жылга 2000 тонна, 2023-жылдан кийин ар жылга 5000 тонна көмүр казуу бекитилген.

    2022-жылга тапшырылган жылдык отчет боюнча "Омега Уголь" ЖЧКсы “Загара” кен чыккан жеринин Батыш бөлүгүндөгү №3 участкасында көмүр кенин казган эмес.

    Ал эми, 2023-жыл ичинде жүргүзгөн көмүр кенин казуу иштери боюнча 2023-жылдын жыйынтыгы менен “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде кийинки жылдын 31-январына чейин тапшырган жылдык отчетунун негизинде билинет.

2023-жылдын 1-кварталында көмүр казып алуу 2,3 тонна, үстүнкү тектер-13,8 мин м² түзүп, эсептөөлөр жүргүзүлүп төлөм берилген.

1. Атмосферага булгоочу заттарды чыгаруу- 1904,0 сом;

2.Айлана-чөйрөгө таштандыларды таштоо- 3270772,0 сом.

  Жалпы: 3 271 724 сом

2023-жылдын 2-3 кварталына карата Ош регионалдык башкармалыгынын Көзөмөлдөө-текшерүү кызматына  нормативдик төлөмдөр боюнча малыматтар “Омега Уголь” ЖЧКсы тарабынан берилген эмес.