Жаратылыш ресурстары министрлиги өзгөчө корголуучу аймактарда жана жээк зоналарында квадроциклдердин жүрүшүн чектөөнү сунуштады

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги өзгөчө корголуучу аймактарда жана жээк зоналарында квадроциклдердин жүрүшүн чектөөнү сунуштады

Жаратылыш ресурстары министрлиги өзгөчө корголуучу аймактарда жана жээк зоналарында квадроциклдердин жүрүшүн чектөөнү сунуштады

Жаратылыш экосистемаларын коргоо, токой массивдерин сактоо жана жаратылыш ландшафтарын деградациядан алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өлкөнүн айрым аймактарында квадроциклдерди пайдаланууга чектөө киргизүү боюнча токтом долбоору сунушталды.

Документке ылайык, токтом күчүнө кирген күндөн тартып квадроциклдер менен кирүү жана жүрүү төмөнкүдөй аймактарда тыюу салынат:

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;

парк-пляж жана суу сактоо зоналарында, ошондой эле суу объекттеринин жээк тилкелеринде.

Мындай чектөөлөр кызматтык, издөө-куткаруу жана өрт өчүрүү иштеринде колдонулган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен макулдашылган иш-чараларда пайдаланылган квадроциклдерге тиешеси жок.

Мындай чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы квадроциклдердин жаратылыш чөйрөсүнө олуттуу терс таасиринен улам келип чыкты. Акыркы жылдары аларды туристтик жана көңүл ачуучу максаттарда пайдалануу кыйла көбөйүп, топурак капкагынын деградациясына, жаратылыш коомчулуктарынын бузулушуна жана суу объекттеринин булганышына алып келди. Квадроциклдердин чыгарган ызы-чуу жана вибрациясы жапайы жаныбарларга олуттуу стресс жаратат, алардын табигый жашоо ритмин бузат. Айрым учурларда бул алардын жашаган жана уя салган жерлерин таштап кетишине, тукумдун жашап калуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшүнө жана популяциянын туруктуулугуна коркунуч жаратууда.

Квадроциклдерди пайдалануу өзгөчө тоолуу жана талаа аймактарындагы морт экосистемалар үчүн кооптуу: топурактын кысылышы, эрозиянын тездеши, сейрек жана эндемик өсүмдүктөрдүн жок болушу аймактардын өз алдынча калыбына келүү мүмкүнчүлүгүн көп жылдарга жоготот. Суу объекттерине жакын жүрүү жээктеги өсүмдүктөрдү бузат, суунун өзүн-өзү тазалоо жөндөмүн начарлатат, жээктердин жуулушуна жана суунун тунук эместигинин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө нефть продуктулары, майлар жана башка уулуу заттардын түшүү коркунучу жогору болуп, бул суу жана кургактагы тирүү организмдерге олуттуу зыян келтирет.