Жаратылыш ресурстары министрлигинин Эшперов айылындагы таштанды жайгаштыруу жайы боюнча жообу

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин массалык маалымат булактарына тараган Эшперов айылындагы таштанды жайгаштыруу жайы боюнча жообу:

 «2023-жылдын 16-мартында тараган Тоң районундагы Төрт-Күл айыл аймагына караштуу Жумаш Эшперов айылындагы таштанды полигону Ысык-Көлгө зыянын тийгизип жатат деген билдирүү боюнча Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барууда. 

Алар жеринде көрүп, айтылуу жер жайыт категориясынан калдыктарды жайгаштыруу жай багытына которулгандыгын (трансформация) такташты. Ошондой эле, мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу алынган эместиги белгилүү болду. Төрт-Күл айыл өкмөт башчысына учурдагы таштанды жайгаштыруу жайын тазалоо менен башка жерге көчүрүү меселеси боюнча тапшырмалар берилди». 

 Белгилей кетсек, буга чейин министрликтин регионалдык башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол шаарларынын мэрлерине 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 «Улуттук тазалык күнү 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык натыйжалуу иш алып барууга жана калдыктарды жайгаштыруу жайларын экологиялык, эпидемиологиялык жана техникалык талаптарга ылайык келтирүү жөнүндө билдирүүлөр берилген.