МЫЙЗАМСЫЗ ДАРАК КЫЮУ ФАКТЫЛАРЫ КАТТАЛДЫ

Талас өрөөнү
МЫЙЗАМСЫЗ ДАРАК КЫЮУ ФАКТЫЛАРЫ КАТТАЛДЫ

2024-жылдын 23-январь күнү  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары Экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл иштерин жүргүзүү учурунда  Манас районундагы Талас айылынын автоунаа жол жээгиндеги  өсүп турган 25 даана бака терек дарактарын, Кыргызстан айыл өкмөт башчысы М. Жунусалиев мыйзамсыз кыйдырганын аныкташкан. Жыйынтыгында Акт түзүлүп,  жаратылышка келтирилген зыян өлчөмү 425 095сом эсептелинип,  келтирилген зыянды өндүрүү үчүн тийиштүү иш кагаздары  Манас РИИБнө  өткөрүлүп берилди. 

Буга кошумча Айтматов районуна караштуу Тамчы-Булак айылындагы автоунаа жол жээгиндеги өсүп турган 50 даана дарак Карохмед Оглы Руслан тарабынан 2023-жылдын  декабрь айында мыйзамсыз кыйып алганы аныкталган.  Материалдар Айтматов РИИБмү тарабынан тергелип, жыйынтыгында жаратылышка келтирилген 64 213сом зыян өлчөмүн 2024-жылдын январь айында  мамлекет пайдасына толук төлөп берди.

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомунун негизинде дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыйылгандыгы үчүн келтирилген зыяндын жалпы суммасына жараша айып пул төлөнөт.

 Андыктан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары Экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоого жана биоресурстарга аяр мамиле кылууга чакырат.

Урматуу Талас облусунун тургундары! Эгерде мыйзамсыз дарак кыюу фактыларына күбө болсоңуздар дароо 0509 101 911 ишеним телефон номерине кайрылууга чакырабыз! Жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөгө кам көрүү ар бирибиздин милдетибиз!