Геология Бүгүн

Чүй өрөөнү
Геология Бүгүн

Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү маселелери боюнча Комиссиянын жыйыны 

2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү маселелери боюнча Комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйында лицензиялык келишимдердин шарттарынын сакталышы жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү каралды.

Күн тартибине жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларга байланыштуу 40 маселе киргизилди.

Талкуунун жыйынтыгында Комиссия 14 маселе боюнча чечим кабыл алып, убакыттын чектелүү болушуна байланыштуу калган 26 маселе кийинки жыйынга жылдырылды.

Кабыл алынган чечимдер:

Чечим / Иш-аракет        Лицензиялардын саны  Негиздеме жана комментарий

Лицензияларды токтото туруу 2 Токтотуу Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын жана лицензиялык келишимдердин шарттарын бузуу аныкталгандыгына байланыштуу  токтотулду.   Бузууларды жоюу үчүн субъекттерге мөөнөт берилди.

Лицензияларды жокко чыгаруу       3        Жер казынасы жөнүндө мыйзамдарда каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгына жана мурда аныкталган бузуу фактыларын жоюу мөөнөтүнүн өтүп кетишине байланыштуу лицензиялар жокко чыгарылды.

Кошумча иликтөө үчүн жылдыруу  1        Маселе терең юридикалык экспертиза жүргүзүү жана тийиштүү бөлүмдөрдүн корутундусун алуу үчүн кийинкиге калтырылды.

Жер казынасын пайдалануу субъекттеринин өтүнүчтөрүн канааттандыру 5 Өтүнүчтөр негиздүү деп табылып, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык канааттандырылды.

— анын ичинде катышуучулардын үлүшүн кайра каттоо     3        Лицензия ээси болгон юридикалык жактардын уставдык капиталындагы катышуучулардын үлүштөрүн алмаштыруу боюнча арыздар канааттандырылды. Өзгөртүүлөр Лицензиялардын бирдиктүү реестрине киргизилди.

Жыйынтыктар:

Комиссия лицензиялык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү улантып, бир тараптан — жоопкерчиликтүү жер казынасын пайдалануучуларды колдоо (негиздүү өтүнүчтөрдү канааттандыруу), экинчи тараптан — мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү (лицензияны токтотуу жана жокко чыгаруу) боюнча системалуу иштерди жүргүзүүнү улантат.