COP-29га катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отуруму

Чүй өрөөнү
COP-29га катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отуруму

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев жана министрдин орун басары А.Раимкулова  COP-29 алкактык конференциясына даярдануу  жана катышуу боюнча уюштуруу комитетинин отурумун өткөрдү.

Жыйындын максаты – катышуу үчүн чечиле элек жана чечилиши керек болгон уюштуруучулук, актуалдуу маселелер боюнча бардык мамлекеттик органдарды бир аянтчага чогултуу болуп эсептеленет. 2024-жылдын 11-ноябрынан 22-ноябрына чейин Азербайжандын Баку шаарында өтө турган Тараптардын 29-конференциясында жогорку деңгээлдеги конференцияга катыша турган бардык тиешелүү мамлекеттик органдарды даярдоо маселелери талкууланды.                                         

Жыйындын жүрүшүндө жогоруда аталган иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттик органдар тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча презентация жасалды.

Сөз сүйлөп жатып, министр М.Машиев чечиле элек көйгөйлөргө жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бардык тартылган мамлекеттик органдар, ар бири өз тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

 2024-жылдын 11-ноябрынан 22-ноябрына чейин Азербайжандын Баку шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясы өтөт.