GSLEP – Ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык программасынын Башкаруу комитетинин IX жыйынынын биринчи күнү аяктады

Ысык-Көл өрөөнү
GSLEP – Ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык программасынын Башкаруу комитетинин IX жыйынынын биринчи күнү аяктады

GSLEP – Ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык программасынын Башкаруу комитетинин IX жыйынынын биринчи күнү аяктады.

Бүгүн, 5-июнда — Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүндө, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык Программанын (GSLEP) Башкаруу комитетинин IX жыйыны өз ишин баштады. Бул маанилүү эл аралык иш-чаранын конок ээси — Кыргызстан Республикасы.

Татарстан Республикасынын жетекчиси Рустам Минниханов жыйында сүйлөп жатып, ак илбирстин (ирбис) Евразия элдери үчүн терең символдук маанисин белгиледи:

«Ак илбирс — бул элдик баалуулуктардын символу: жакшылык, адилеттүүлүк, жараткандык жана элдер ортосундагы достук. Бул жаныбар маданиятты жана улуттук өзүнчөлукту сактоо зарылдыгын эске салат. Ак илбирсти сактоо — бул биздин эң маанилүү экологиялык милдетибиз», — деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле, Минниханов Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ак илбирсти сактоо жаатындагы активдүү аракеттерине ыраазычылык билдирип, бул багытта илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды.

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев катышуучуларга кайрылып, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Биз үчүн ак илбирс — жөн гана жаныбар эмес, бул биздин маданиятыбыздын жана улуттук өзүнчөлугубуздун бир бөлүгү. Аны сактоо — бул жалпы милдет».

Жыйынга ак илбирс ареалына кирген 12 өлкөнүн делегациялары катышууда: Афганистан, Бутан, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Талкууланган негизги темалар:

 • 20 негизги ландшафтты OECM (аймактарды сактоонун башка эффективдүү чаралары) катары таануу жана глобалдык 30×30 максаттарына салым кошуу;

 • Чек аралар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;

 • Жапайы жаратылышты мыйзамсыз соодадан коргоо;

 • Туруктуу экотуризмди өнүктүрүү;

 • Ак илбирсти сактоонун улуттук стратегияларын (NSLEP) жаңылоо.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Д.А. Кемелова Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп берди. Анда Кыргызстан — 90% жери тоолуу өлкө катары — жогорку тоолуу экосистемаларды жана Борбор Азиянын символу болгон ак илбирсти сактоодо лидерлик позицияны ээлээри белгиленди. Ошондой эле, Президент тоолуу аймактардын «жашыл» инвестицияларды тартуудагы экономикалык потенциалына токтолду.



Биринчи күндүн алкагында өткөн сессиялар:

 • Ак илбирсти сактоо боюнча өлкөлөрдүн (Афганистан, Бутан, Кытай, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан) ишмердүүлүгү боюнча жаңылыктар;

 • «Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоонун улуттук артыкчылыктарын жаңылоо (NSLEP)» аттуу сессия — Россия Федерациясынын төрагалыгы алдында;

 • «Ак илбирсти сактоодо жергиликтүү жамааттардын этикалык негиздерин жана лидерлигин бекемдөө» сессиясы — Тажикстан Республикасынын төрагалыгы алдында.


Мындан тышкары, Министр Медер Машиев төмөнкү делегация жетекчилери менен сегиз эки тараптуу жолугушуу өткөрдү:

 • Индия – Кирти Вардан Сингх, айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарбасы жана климаттын өзгөрүшү боюнча орун басар министр;

 • Афганистан – Маулви Мутиул Хак Халс, Улуттук айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башкы директору;

 • Snow Leopard Trust – Чарудут Мишра, аткаруучу директор;

 • Кытай – Вейшенг Ванг, Улуттук токой жана жайыт чарба башкармалыгынын жапайы жаратылышты коргоо департаментинин башкы директору;

 • WWF – Рене Стенхаус, вице-президент;

 • Пакистан – Шизра Мансаб Али Хан, климаттын өзгөрүшү боюнча орун басар министр;

 • NABU – Йорг-Андреас Крюгер, президент.


Жолугушууларда тараптар GSLEP программасын колдоону улантууга жана өз ара кызматташууга бекем ниетин билдиришти. Кыргызстан тараптар  менен болгон өнөктөштүктү өзгөчө белгилеп, потенциалды бекемдөө жана тажрыйба алмашуу багытында биргелешкен аракеттерге даяр экенин ырастады