Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде орун алган мончонун иши токтотулду

Нарын өрөөнү

Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде орун алган мончонун иши токтотулду

Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлери Фейсбук социалдык тармагында жайгаштырылган билдирүүгө ылайык, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесиндеги мончого барып, жеринде кароо жүргүзүштү.

Чакан мончо жекшемби күндөрү жагылат деген маалыматты эске алуу менен биринчи кароо 2023-жылдын  21-май күнү (жекшембиде) жүргүзүлдү. Бирок мекеменин жетекчилиги анын жабык режимдик статусуна байланыштуу киргизүүгө мүмкүн эместигин түшүндүрүп, ал күнү чмончо иштебегендигин белгиледи. Ошондой эле мекеменин короосунан эч кандай түтүн чыгып жаткан учур аныкталган жок.

Ал эми мончонун ишин токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр 22-май – дүйшөмбү күнү жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө мекеменин жетекчилиги тарабынан мончонун иши токтотулду жана убактылуу кармалып турган жарандардын нааразычылыктарына жол бербөө максатында иш-чаралар толугу менен аткарылды.

Белгилей кетсек, мончо мекеменин эркек жарандар жаткан бөлүгүндө жайгашкан. Айрым жарандар жуманын жекшемби күндөрү мончону жакканда түтүн чыккан учурлар белгиленип келген. Ошол эле кезде мекемеде жалпысынан жуунуучу душтар орнотулуп, агып чыккан саркынды суулары борбордук канализацияга кошулган.