Жейрендер жаратылышка коё берилди

Чүй өрөөнү
Жейрендер жаратылышка коё берилди

Бүгүн, 2025-жылдын 1-августунда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туз көл — Өрдөк учар участкасында жаратылышты коргоо максатында жейрендерди жапайы жаратылышка коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

2021–2022-жылдары Өзбекстан Республикасынан атайын долбоордун алкагында 25 баш жейрен алынып келинген. Натыйжалуу кам көрүүнүн жана биологиялык шарттардын ылайыктуулугунун аркасында бүгүнкү күндө алардын саны 70ке жетти.

Алардын ичинен 30 даана жейрен бүгүн эркиндикке коё берилди. Калган жейрендерди кийинки жылы облусубуздун башка ыңгайлуу шарты туура келген жерлерине жайгаштыруу пландалууда. 

Бул иш-чара жапайы жаныбарларды сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү калыбына келтирүү багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.