Кеминде жапайы жандыктарды атып, жүз миңдеген айыпка жыгылды
10-июнь 2026, 10:07
Чүй өрөөнү
Кеминде жапайы жандыктарды атып, жүз миңдеген айыпка жыгылды
Чүй облусунун тургуну Кемин районунун тоолорунан жапайы жандыктарга мыйзамсыз мергенчилик кылып кармалган. Анда ал эки баш каман, бир баш элик, эки баш жапайы канаттуу кыргоол, бир баш канаттуу кекилик атып колго түшүрүлгөн.
Кармалган жаран Кемин РИИБне жеткирилип, кийинчерээк ага жаратылышка келтирген зыяны үчүн 212 миң сом айып салынып, аны өз ыктыяры менен төлөп берген.
Ал эми мыйзамсыз колдонуп жүргөн куралы Кемин районунун РИИБне тапшырылып, 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.