Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча БУУнун макулдашуу документин ратификациялады
18-сентябрь 2025, 17:28
2025-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеш Кыргызстанды Улуттар Уюмунун деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизиндеги, улуттук юрисдикциянын чегинен тышкаркы аймактардагы деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууга кошуу боюнча мыйзамды үч окууда кабыл алды.
Кыргызстандын кошулуусу:
• деңиз биоресурстарын коргоо боюнча глобалдык аракеттерге салым кошот;
• БУУ алкагындагы милдеттенмелерди аткарууга өбөлгө түзөт;
• айлана-чөйрөнү коргоо жана климат боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт;
• өлкөнүн дүйнөлүк экологиялык диалогдогу аброюн жогорулатат.
Макулдашуу ачык деңизде коргоо аймактарын түзүүнү, деңиз генетикалык ресурстарынан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүүнү, айлана-чөйрөгө таасирди баалоону жана илим менен технология тармагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоону камтыйт.
Кыргызстан үчүн бул кадам — эл аралык илимий-технологиялык демилгелерге жол ачуу, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын (айрыкча 14-Максат — «Деңиз экосистемаларын сактоо») илгерилетүү жана климаттык маселелер боюнча позициясын бекемдөө мүмкүнчүлүгүн берет.