“Архитектор” эс алуу жайы таштандыдан тазаланды

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Ысык-Көл районунун официалдуу эмес пляждарындагы абалды кароо жүргүзүлдү. Кароонун жүрүшүндө Кумбел айыл аймагынын Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан мурдагы “Архитектор” эс алуу жайынын пляж аймагында таштандылардын көп көлөмдө ташталып, чогулуп  тазаланбай жаткандыгы аныкталды. Чогулган таштандылар пляжга келип көлгө түшкөн эс алуучуларга жагымсыз жагдай жаратып жаткан. 

          Бул эс алуу жайы көп жылдан бери кароосуз болуп, азыркы учурдагы ээси ким экендиги аныкталбай жатат. Себеби колдон колго өтүп сатылып кеткен. Пляждагы жана эс алуу жайынын аймагындагы бак-дарактардын арасындагы чачыранды болуп жаткан таштандылар боюнча Кумбел айыл өкмөт башчысын Р.У.Есенгуловду, айыл өкмөтүнүн ЖКХ боюнча жетекчиси К.Казиевди чакырып жеринде көрсөтүп, фото, видео маалыматтар берилип, таштандыларды тазалап чыгаруу тууралуу жана бардык официалдуу эмес пляж аймактарын көзөмөлдөп туруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында 3-август күнү айыл өкмөтү тарабынан чогулган таштандылар чыгарылып, тазаланды.