Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти

Чүй өрөөнү
Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти

Уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону камсыз кылуу, Батыш Тянь-Шандын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучу алдында турган түрлөрүн коргоо, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү максатында, биологиялык түрлөрдү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында "Чоң-Алай" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө"токтомунун долбоору иштелип чыкты.


Иш-аракеттердин көрсөткүчтөрү

Бул токтом долбоорунун максаты жана милдети болуп уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону, Батыш Тянь-Шандын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн коргоону камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү саналат.