Тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Чүй өрөөнү
Тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугунун эрежелеринин" жана "пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы объекттерди, ошондой эле пайдалуу кендерди жер астындагы ыкма менен казып алуучу объекттерди куруунун жана эксплуатациялоонун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугунун эрежелеринин"талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-мартындагы № 115 токтомуна ылайык.

Тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казып алуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугунун эрежелеринин" жана "пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы объекттерди, ошондой эле пайдалуу кендерди жер астындагы ыкма менен казып алуучу объекттерди куруунун жана эксплуатациялоонун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугунун эрежелеринин"талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-мартындагы № 115 токтомуна ылайык

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө         2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн, эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары  Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;

- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына көчүрмөсү маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

3.  Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына  жүктөлсүн.

 

Врио министра

                               Т.С. Салыков

 

 

 

Тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана макулдашуу тартиби жөнүндө жобо.

1. Жалпы жоболор

2. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана макулдашуу.

3. Тариздөө жана тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарынын мазмуну.

4. Ишканаларда тоо-кен иштеринин пландарынын аткарылышын контролдоо.

5. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү планынын долбоорунун кароосуна берилүүчү материалдар.

         Бул жобо “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө”, “Пайдалуу кендерди ачык ыкма менен казуунун өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу”,  “Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

        

 

1. Жалпы жоболор

 

          1.1. Жобо тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуучу кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар үчүн, ошондой эле ведомстволор жана министрликтер эгерде алар кен казып алуучу ишканалар үчүн иштерди аткарган учурда алар үчүн арналган.

         1.2. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда жана макулдашууда өндүрүштүк ишканалар “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эрежелердин, ушул Жобонун жана өнөр жай коопсуздугу боюнча башка ченемдик документтердин талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.

         1.3. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын макулдашуу тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландаштырылган профилактикалык чараларды аткарууну камсыз кылууга багытталган.

          1.4. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын түзүү жана макулдашуу тартибинин сакталышын контролдоо уюмдардын тиешелүү кызматтарына жүктөлөт.

         1.5. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары төмөнкү максаттарда түзүлөт: 

- пландаштырылган  тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугунун иш-чараларынын аткарылышын камсыздоо;

           - кен чыккан жерди же анын бөлүгүн иштетүүнүн жана эмгек шарттарынын коопсуздугун камсыз кылуунун пландын негизинде болуусу;                

           - план менен каралган кенди иштетүү тартибинин иш жүзүндөгү геологиялык жана тоо-кен техникалык шарттарына, алардын тоо-кен иштерин жүргүзүү коопсуздугуна ылайык келүүсү;

           - кооптуу зоналарды аныктоонун жана алардын айланасында тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүүнүн чектерин түзүүнүн тууралыгы, кооптуу зоналарга жакын жерлерде тоо-кен иштерин коопсуз жүргүзүү боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугу, алдын алуу жана тоскоолдук целиктеринин бекитилген долбоорлорунун болушу.

 

2. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана макулдашуу

 

         2.1. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштери башталганга чейин тоо-кен иштеринин жетекчиси (техникалык директор же башкы инженер) же уюмдун жетекчиси (директор) тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

         2.2. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары уюмдун тоо-техникалык жана/же геологиялык-маркшейдердик кызматтары тарабынан түзүлөт.

2.3. Пландаштырылган жылга тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн пландары атайын уруксат берүүчү функциялар берилген жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу орган (мындан ары-Ыйгарым укуктуу орган)менен макулдашылат:

         - 50 миң м3 ашкан көлөмдө пайдалуу кендерди казып алууну пландоодо;

         - жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин 1 миң пог. м. ашык көлөмдө пландаштырууда.

         Калган учурларда тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары макулдашылбайт, ал эми тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштери ыйгарым укуктуу органда өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өткөн долбоорлорго ылайык гана жүргүзүлүүгө тийиш.

2.4. Жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алууга жана жардыруу иштерин колдонбостон ачык ыкма менен ишке ашырылуучу пайдалуу кендердин чачынды кендерин иштетүүгө тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары түзүлбөйт.

2.5. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын кечиргендер тарабынан Атайын жана/же локалдуу долбоорлорго ылайык тоо-кен иштерин жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн пландары түзүлбөйт. При ведение горных работ и подземных геологоразведочных работ в соответствии со специальным и/или локальным проектами прощедшими экспертизу промышленной безопасности, планы развития горных работ не составляются.

         2.6. Эгерде иштеп жаткан карьерлерде же кен ишканаларында, жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин участокторунда подряддык уюмдарды тартуу менен аткарылса, анда тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары подряддык уюмдар менен да макулдашылууга тийиш. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары подряддык уюмдун тоо-техникалык жана/же геологиялык-маркшейдердик кызматтары тарабынан иштелип чыгышы жана анын тоо-кен иштеринин жетекчиси же уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилиши мүмкүн. Мындай учурларда тоо - кен иштерин өнүктүрүү планынын материалдары тапшырыкчы (жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиат) менен макулдашылууга тийиш.  

         2.7. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү планына киргизилүүчү өзгөртүүлөр кайрадан макулдашылууга тийиш.

 

3. Тариздөө жана тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарынын мазмуну

         3.1. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары 5-главага ылайык материалдарды камтууга тийиш.

         3.2. Тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн иштелип чыккан пландары ишканада каралганга чейин подряддык уюмдар менен макулдашылат, алардын иши тиешелүү планда каралган: эксплуатациялык чалгындоону аткаруу, бургулоо-жардыруу иштерин жүргүзүү, кенди подряддык транспорт менен алып чыгуу жана ачуу ж. б. Макулдашуу иштери аткаруу мөөнөттөрү боюнча жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет. Подряддык уюм тарабынан тоо-кен иштерин өнүктүрүү планын түзүүдө пландын материалдары протоколду тариздөө менен тапшырыкчы тарабынан макулдашылат.

         3.3. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары титулдук баракта тоо-кен иштеринин жетекчиси (техникалык директор же башкы инженер) же уюмдун жетекчиси (директор) тарабынан аткаруучуларды көрсөтүү менен (кызмат орду, аты-жөнү, колу көрсөтүлөт) бекитилет.  

         Аткаруучунун (аткаруучулардын) колу милдеттүү түрдө коюлушу абзел.  

         3.4. Ишкана тарабынан таризделген тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландары ыйгарым укуктуу органга тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштери башталганга чейин 1 айдан кечиктирилбестен берилет. 

         3.5. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарын кароо 30 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

          3.6. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү планын макулдашуу протокол менен таризделет, анда төмөнкүлөр жазылат: тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү технологиясынын кыскача сүрөттөлүшү, пландаштырылган жылга ишкананын иштерди жүргүзүүсүнүн коопсуз шарттарын түзүүнү камсыздоочу иш-чаралар жөнүндө маалыматтар.

         Протокол ыйгарым укуктуу органдын тармактык башкармалыгынын башчысы тарабынан бекитилет.

         3.7. Тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн берилген планы менен макул болбогон учурда протоколдо бузулган техникалык чечимдер саналып, ошондой эле ишкана аткарууга милдеттүү болгон аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар көрсөтүлөт.

 

4. Ишканаларда тоо-кен иштеринин пландарынын аткарылышын контролдоо

 

         4.1. Тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн макулдашылган пландарынын аткарылышын контролдоону тоо-кен иштеринин жетекчиси (техникалык директор же башкы инженер) же уюмдун жетекчиси (директор) жана ишкананын тиешелүү кызматтары ишке ашырат.

         4.2. Уюмдун тиешелүү кызматтарынын жооптуу кызматкерлери ишкананын тоо-кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин объектилерине барганда тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарынын аткарылышынын жүрүшүн контролдошот.

         Мындай учурда өзүнүн сын-пикирлери жөнүндө тоо-кен иштеринин жетекчисине жана уюмдун жетекчисине баяндама кат менен билдирет.

         4.3. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлери тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарынын абалын жана аткарылышынын жүрүшүн, ошондой эле протокол менен макулдашуунун шарттарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

 

5. Тоо-кен иштерин өнүктүрүү планынын долбоорун кароого берилүүчү материалдар

         5.1. Түшүндүрмө кат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

         - лицензиялардын, долбоордун, тоо-кен жана жер бөлүндүлөрүнүн бар экендиги жөнүндө маалыматтар;

         - кооптуу жана сокку коркунучу бар зоналардын тизмеси жана мүнөздөмөсү, бул зоналарда иштөө коопсуздугунун чаралары;

         - казылып алынуучу кендерди жана ачылган (бош) тектерди казып алуунун технологиясын баяндоо;

- желдетүүчү чарбанын абалы жана пландаштырылган мезгилдин башына жана аягына карата айрым участоктордун жана бүтүндөй кен ишканасынын керектүү сандагы аба менен камсыздалышы жөнүндө маалыматтар;

         - кабыл алынган тоо-кен иштеринин планын аткаруу үчүн энергия менен камсыздалышы;

         - пландаштырылган мезгилге жана кийинки жылга эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу, жардыруу иштерин жана өнөр жай коопсуздугун жүргүзүү, суу каптоонун алдын алуу ж. б. боюнча иш-чаралар;

         - персонал менен камсыз болушу (ИТК жана жумушчулар);

         - боштуктардын абалы жана кыймылы;

         Тоо-кен иштерин өнүктүрүү пландарына тоо-кен өндүрүшүнүн технологиясына жараша башка материалдар да тиркелиши мүмкүн.

5.2. Графикалык материалдар:

         - обзордук чиймелер, схема;

         - учурдагы пландаштырылган мезгилге тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн  долбоорлонгон планы (вертикалдуу жана горизонталдуу тегиздикте проекция) ;

         - туурасынан кеткен керектүү кесилиштер.

         Графикалык материалдарга тоо-кен жана жер бөлүндүлөрүнүн контурлары жазылууга тийиш.

         Зарыл учурда графикалык материалдарга кооптуулуктун бардык факторлору боюнча кооптуу зоналардын участоктору жана жумуштарды коопсуз жүргүзүүнүн чектери жазылат, ошондой эле: желдетүү планы, крептердин типтери, целиктердин параметрлери, жер бетин, имараттарды, курулмаларды, жаратылыш жана башка объекттерди тоо-кен иштеринин зыяндуу таасиринен коргоо чаралары келтирилет. 

         Графикалык материалдарга: тазалоо, өткөөл жана жер жумуштарынын, анын ичинде кыртыш ачуу жумуштарынын негизги технологиялык чиймелери, бекиткичтердин типтүү паспорттору, бургулоо-жардыруу иштери ж. б.  анын ичинде үйүндүлөрдүн түзүлүшү, өрткө каршы коргоону иштери кирет.

icon

Проект приказа "Об утверждении Положения о порядке...

33.53 KB

icon

Утвержденные положения о порядке разработки и согл...

7.83 MB