«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы шаардык ирригациялык тармакты пайдалануу жана тейлөө үчүн заманбап атайын техника алды
20-сентябрь 2025, 14:25
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ишке ашырып жаткан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясына ирригациялык тармактарды башкарууну жакшыртуу, реконструкциялоо, техникалык тейлөө, дарыя нуктарын жана борбор калаанын каналдарын тазалоо үчүн адистештирилген техника тапшырылды.
Адистештирилген техниканын тапшырылышы шаардык экосистеманы чыңдоого, ирригациялык тармактарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Бишкектеги абанын сапатын жакшыртууга багытталган.
Тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович, Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев Айбек Жанышбекович, тийиштүү тармактык мекемелердин өкүлдөрү, долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Бишкек шаарынын мэриясына пайдаланууга 9 даана адистештирилген техника — экскаваторлор, самосвалдар жана илосос менен жабдылган айкалышкан канал жуучу машина берилди. Жалпы сатып алуу суммасы болжол менен 67,0 млн сомду түздү.
Сатып алынган техника сезондук жана авариялык иштерди ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө, ирригациялык тармактарды өз убагында тейлөөгө, ошондой эле шаар аймактарындагы күтүлбөгөн кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев мэрия кызматкерлерине техниканы тапшырып жатып, борбор калаада абанын сапатын жакшыртуудагы биргелешкен иш аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Жашыл аймактарды сапаттуу сугаруу – микроклиматты жакшыртууда, жашыл зоналарды кеңейтүүдө, абанын булганышын азайтууда жана тургундардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө негизги ролду ойнойт. Бишкектин экологиялык абалын жакшыртууда туруктуу натыйжага биз мамлекеттик органдар менен муниципалитеттин биргелешкен иш аракети аркылуу гана жетише алабыз”, – деди министр М. Машиев
Техниканы тапшыруу аталган долбоордун комплекстүү иш чараларынын алкагында ишке ашырылып, борбордун ар бир тургуну үчүн ыңгайлуу, сергек жашоо чөйрөсүн түзүү максатында климаттын жана температуранын өзгөрүшүн эске алуу менен экологиялык туруктуулукту узак мөөнөттүү бекемдөөгө багытталган.
Маалымат үчүн:
Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты – абанын булганышын азайтуу боюнча системалуу чараларды көрүү, экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу.