ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Чүй өрөөнү
ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

«Кыргыз Республикасындагы абанын сапатын жакшыртуу Долбоору» 


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банктын) колдоосу менен «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда. 

ДОЛБООРДУН МАКСАТТАРЫ:

Кыргыз Республикасында абанын сапатын башкарууну жакшыртуу, Бишкекте турак жайларды жылытуунун экологиялык жактан таза чечимдерин жана жашылдандырууну илгерилетүү.

ДОЛБООРДУН КОМПОНЕНТТЕРИ:

Долбоор 4 компоненттен жана аларга тиешелүү чакан компоненттерден турат:

Компонент 1: Атмосфералык абанын сапатын башкаруу тутумун чыңдоо

  • чакан компонент 1.1: Атмосфералык абанын сапаты боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана жайылтуу иштерин жакшыртуу 
  • чакан компонент 1.2: Абанын сапатын башкаруу жана булгоону көзөмөлдөө механизмдерин жакшыртуу 

Компонент 2: Жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү

  • чакан компонент 2.1: Бишкек шаарындагы жеке турак жайлар (мындан ары — ЖТЖ) үчүн экологиялык жактан таза жылытуу чечимдерине инвестицияларды каржылоо 


Компонент 3: Шаардын аймагын жашылдандырууну жакшыртуу 

  • чакан компонент 3.1: Шаарды жашылдандырууга колдоо көрсөтүү 
  • чакан компонент 3.2: Жашылдандыруу жана сугат иштери боюнча институционалдык дараметти жогорулатуу 

Компонент 4: Долбоорду ишке ашырууну колдоо


ДОЛБООРДУН АЛКАГЫНДА ТӨМӨНКҮ ЖЫЙЫНТЫКТАРГА ЖЕТҮҮ КҮТҮЛҮДӨ:

  • Абанын сапатына комплекстүү башкаруу системасын түзүү, абанын сапатына мониторинг, анализ жүргүзүү, алдын ала божомолдоо жана маалыматтарды башкарууга байланышту инфраструктураны модернизациялоо;
  • Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытууда таза жана энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү менен абанын булганышын азайтуу;
  • Бишкек шаарында жашылдандырылган аймактардын аянтын көбөйтүү;
  • Бишкек шаарында PM 2,5 бөлүкчөлөрүнүн жана парник газдарынын (СО2) чыгындылары азайтылат.