Экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (ЭСЧБП)

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (ЭСЧБП)

Маалымат үчүн!

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары – Министирлик) “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө Келишимдин (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоору) алкагында каржыланууда. Аталган Кредиттик Келишим (№7434-KG) 2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлуп, 2024-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын №85 Мыйзамы менен ратификацияланган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары- Министирлик) «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууда. Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2023-жылдын 12-декабрында кол коюлган «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында каржыланат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-майындагы № 85 «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы менен ратификацияланган.

Долбоордун негизги өнүктүрүү максаты: i) өлкөдөгү абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо жана ii) Бишкек шаарында PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн жана парник газдарынын (СО2) таза эмиссияларын кыскартуу.   

Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:

Компонент 1: Абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо.
 Компонент 2: Таза жылытуу чечимдерин киргизүүнү колдоо.
 Компонент 3: Шаардык жашылдандырууну жакшыртуу.

 

Компонент 1 «Абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо» алкагында экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу пландары даярдалган. Экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (мындан ары – ЭСЧБП) долбоордун экологиялык жана социалдык туруктуулугун камсыз кылуучу негизги инструмент болуп саналат. Документтин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана Дүйнөлүк банктын талаптарына ылайык долбоорду ишке ашырууга жана пайдаланууга байланыштуу мүмкүн болгон экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди аныктоо, алдын алуу, минималдаштыруу жана көзөмөлдөө.  

Министирликтин Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү төмөнкү документтерди даярдады: 

  1. Атмосфералык абанын сапатын автоматтык станциялар аркылуу мониторинг жүргүзүүгө байланышкан айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы. 
  2. Атмосфералык абанын сапатын кол менен/жарым автоматтык станциялар аркылуу мониторинг жүргүзүүгө байланышкан айлана-чөйрөнү жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы.

ЭСЧБП төмөнкүлөрдү кеңири сүрөттөйт:

(а) терс кесепеттерди азайтуу чараларын, 

(б) бул чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон аракеттерди, 

(в) бардык иш-чаралардын натыйжалуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуучу мониторинг механизмдерин жана институттук түзүмдү.


 ЭСЧБП төмөнкү иш-чараларды камтыйт:

(а) айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү коомчулуктарга таасирин азайтуу;

(б) эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарын сактоо;

(в) курулуш жана катуу тиричилик таштандыларын коопсуз чогултуу, сактоо жана утилдештирүү;

(г) курулуш иштеринин этабында калктын коопсуздугун камсыз кылуу.  

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү сиздерден ушул документтер менен таанышып чыгууну суранат. Учурда долбоордун алкагында жарандар жана кызыкдар тараптар ЭСЧБП боюнча өз ой-пикирлерин жөнөтө ала турган кайтарым байланыш каналдары түзүлгөн:

• электрондук почта аркылуу – airqualityproject@gmail.com 

• почта аркылуу – Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2. ДИАБ кабинети №118.  

• мобилдик телефон аркылуу – 0558481858.


Экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу планы (ЭСЧБП)
icon

План управления окружающей и социальной средой (ПУ...

51 KB

icon

План управления окружающей и социальной средой (ПУ...

6.02 MB

icon

План управления окружающей и социальной средой (ПУ...

5.25 MB