КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт
23-ноябрь 2026, 10:55
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК МОНИТОРИНГ ДЕПАРТАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт .
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү жалпы талаптарга жооп бериши керек:
- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
- 21 жаштан төмөн эмес болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде (В2) мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий (орус) тилди билүүгө.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу (У-Б):
-Ош-Баткен регионалдык аймактык секторуна (жумуш орду: Ош шаары) квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билимдин деңгээли жана багыты:
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-Химия, геохимия, биохимия, биология, география, гидрометеорология, кыртыштаануу (почвоведение), биоэкология, экология жана табиятты колдонуу (природопользование), токой иши, техносфералык коопсуздук, табиятты жайгаштыруу жана сууну колдонуу (природообустройство и водопользование);
-Инженердик-техникалык адистиктер;
-Агрономия, агрохимия жана агрокыртыштаануу (агропочвоведение)
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү (Билүүсү зарыл):
-Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө, маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо;
-Электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
-Издөө тутумдарын натыйжалуу колдоно билүү;
-Ар кандай браузерлер менен иштей билүү;
-Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо менен социалдык тармактарда сыпайы өз ара аракеттенүү .
Башкаруучулук жана аналитикалык көндүмдөр:
- Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
- Маселелерди чечүүдө талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана интеграциялоо ыкмаларын колдоно билүү;
- Маалыматтарды чогултуу, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
- Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде отчетторду түзүү жана корутундуларды жазуу;
- Курчап турган чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Лабораториялык жабдуулар менен иштөө жана аларга техникалык кызмат көрсөтүү
4. Милдеттүү түрдө билүүсү зарыл болгон мыйзамдар:
Жалпы мыйзамдар:
1.“Кыргыз Республикасынын Конституциясы”;
2.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
5.Предметтик (тармактык) мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” (Об охране окружающей среды), “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”, “Жер казынасы жөнүндө”, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жобо”;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси”.
Бухгалтердик эсеп сектору багыты боюнча улук тобуна ( жумуш орду Бишкек шаары).
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3.Предметтик (тармактык) мыйзамдар:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү” боюнча жобосу;
3. Кыргыз Республикасынын “Республикалык бюджети жөнүндө” (тийиштүү жылга) Мыйзамы;
Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
-жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
-эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
-илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
-квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).
Ачык конкурска катышууга коюлган талаптарга жооп берген документтери бар талапкерлер гана чакырылат.
Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегине, ошондой эле «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.
Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү зарыл. Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Дареги:Бишкек ш., Б.Баатыр көчөсү, 34.
Документтер «e-Kyzmat» мамлекеттик порталынан 2026-жылдын 23-ноябрынан тартып 2-декабрына чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 54-61-27