Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматыбош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жана кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурс жарыялайт
29-июль 2025, 15:04
Экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору
Талаптар:
📌 Билими:
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билиминин болушу зарыл:
• биология
• география жана экология
• экология жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу
• жер пайдалануу
• юриспруденция
• биоэкология
• жер кыртышын таануу
• токой чарбасы
• айлана-чөйрөнү коргоо
🔹 Өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнүн башкы инспектору
Талаптар:
📌 Билими:
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билимдин болушу талап кылынат:
• жылуулук, газ менен камсыздоо жана желдетүү боюнча инженер-куруучу
• казан жабдуулары боюнча инженер
• жол куруучу жана курулуш-механик инженер
• жылуулук техникасы боюнча инженер
• курулуш инженери
• химик
• өнөр жай жана жарандык курулуш
• айыл чарба курулушу
• автомобиль жолдорун куруу
• инженер-технолог
• экология
Негизги кызматтык милдеттер:
Көзөмөлдө болгон объектилерде өнөр жай коопсуздугунун эрежелерин жана талаптарын сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүү. Толук милдеттер тизмеси маектешүү учурунда такталат.
🔹 Экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн инспектору
Талаптар:
📌 Билими:
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билимдин болушу талап кылынат:
• биология
• география жана экология
• экология жана жаратылышты пайдалануу
• жер пайдалануу
• юриспруденция
• биоэкология
• жер кыртышын таануу
• токой чарбасы
• айлана-чөйрөнү коргоо
Негизги кызматтык милдеттер:
Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы экологиялык талаптардын жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө. Так милдеттер маектешүү учурунда талкууланат.
Конкурсқа катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылышы керек (скоросшивателде):
1. Жеке арыз
2. Кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү жана байланыш маалыматы менен)
3. Паспорттун көчүрмөсү (нотариалдык жол менен же акыркы иштеген жерден тастыкталган; түп нускасы конкурс учурунда көрсөтүлөт)
4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгерде эмгек стажы бар болсо), нотариалдык же акыркы иштеген жерден тастыкталган
5. Өмүр баяны (соттолгон же соттолбогондугу жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек)
6. Сүрөтү менен резюме (электрондук почтасы көрсөтүлүшү керек)
7. Негизги жана кошумча билим берүү документтеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык же акыркы иштеген жерден тастыкталган)
8. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат
📅 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 23-июлунан 6-августуна чейин
📍 Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, М. Горький көчөсү, 142,
3-кабат, 303-кабинет (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү)
📞 Маалымат үчүн байланыш телефону: 540572