СЫНАК

Баткен өрөөнү
СЫНАК

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгы КР Президентинин 2022-жылдын                                2-февралындагы №24 жарлыгы менен бекитилген жобого ылайык, кадрлардын резервине киргизүү үчүн, административдик  кызмат орундарынын улук  (С-А) тобуна ачык сынак жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:

1.Билим денгээли: Экономика жана башкаруу чөйрөсүндө экономика, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, укук таануу жаатындагы гуманитардык илимдер боюнча жогорку билим.

Эмгек стажы:Башкы тобуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

КРнын мыйзамдарын, токтомдорун жана КРнын  Президентинин ЖОБОлорун билүүсү зарыл:

  • КРнын “Бюджеттик кодекси” 
  • КРнын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; 
  • КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
  • КРнын “2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө”; 
  • КРнын “ Эмгек кодекси”;
  • КРнын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”; 
  • КРнын “ Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө”;
  • КРнын  “Мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө”;
  • КРнын “Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” ЖОБО;
  • КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө”; 
  • КРнын “Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципальндык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”; 
  • КРнын “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” ЖОБО.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2."Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Жөндөмдүүлүгү:

  • Оперативдүү чечим кабыл алуу жана жоопкерчиликтүү болуусу;
  • Кызматтык милдеттери аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Компьютердик сабаттуулук, 1с бухгалтерия жана борборлоштурулган бухгалтердик эсепти билүү .

Конкурска катышууга керектүү документтер:

  • Өз колу менен жазылган арыз;
  • Паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документинин көчүрмөсү;
  • Керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясы жөнүндө документтерин (эмгек китепчесинин, билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү, нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
  • Кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы;
  • Сүрөт (4x5) – 2 сүрөт; 
  • Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен).Документтер 20-сентябрынан 03-октябрына карата саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Алма Аалы көчөсү 2а моб. 0772716644.