Министрлик жаңы QR-код аркылуу кайтарым байланыш системасын ишке киргизди
26-сентябрь 2025, 17:05

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жаңы QR-код аркылуу кайтарым байланыш системасы.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы QR-код ыкмасын ишке киргизди.
📲 Эми ар бир жаран мамлекеттик кызматтын сапаты тууралуу өз оюн оңой жана тез бөлүшө алат!
✅ Кантип пикир калтыруу керек?
1️⃣ Смартфон камерасын иштетип, QR-кодду сканерлеңиз.
2️⃣ Ачылган шилтемеге өтүп, система берген көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
💡 Пикир калтыруунун 2 жолу бар:
🔹 1-ыкма: Колдонмо аркылуу катталуу
• Email дарегиңизди киргизип, каттоодон өтүңүз.
• Тиешелүү категорияны тандап, пикириңизди жазыңыз.
• Жөнөттүңүз – болду!
🔹 2-ыкма: «Түндүк» тиркемеси аркылуу
• «Түндүк» мобилдик колдонмосун ачыңыз.
• QR-кодду сканерлеп, керектүү бөлүмдү тандаңыз.
• Пикириңизди түз жазыңыз.
💬 Сиздин ар бир пикириңиз маанилүү!
Ал Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иш сапатын жогорулатууга жана жарандар үчүн шарттарды жакшыртууга жардам берет.
