Аймактардагы активдүү иштер

Чуйская область
Аймактардагы активдүү иштер

Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы иштерди активдештерүү максатында Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жана Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун эмгек жамааттарына министрликтин  коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу ɵкүлү Б.Какешов коррупцияны алдын алуу боюнча презентация жасалып, алдын-алуу иштери маанилүү экенин, ага кантип дуушар болуп калуу боюнча кеңири маалымат берди. Кылмыш-жаза кодексине ылайык кандай жазалар каралган жана иш алып баруудагы коррупциялык кандай тобокелчиликтер бар экенин айтып ɵттү.  Профилактикалык иш, ɵтɵ маанилүү экени белгиленип, таза жана так иштɵɵ ар бир мамлекеттик кызматкердин милдети экени баса белгиленди.

Ошондой эле, Биотүрдүүлүк башкармалыгынын башчысы К. Мамбеталиев областын егерлери менен баарлышып, кɵйгɵйлɵрүн угуп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, актуалдуу маселелерди жеринен чечүү, брокеньерлик менен күрɵш жалпы министрликтин артыкчылыктуу маселелери экенин айта кетти. Ɵз кезегинде егерлер, жаратылышты коргоо чаралары жана аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалымат беришти.

Жолугушуунун аягында егерлердин колдонуп жаткан курал-жарактары текшерилип, коопсуздук техникасын сактоо, куралдарды бир гана жаратылышты коргоо иштерине колдонуу керектиги дагы бир ирет эскертилди.