Аймактардагы активдүү иштер
25-март 2024, 16:13
Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги аймактардагы иштерди активдештерүү максатында Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жана Дашман мамлекеттик жаратылыш коругунун эмгек жамааттарына министрликтин коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу ɵкүлү Б.Какешов коррупцияны алдын алуу боюнча презентация жасалып, алдын-алуу иштери маанилүү экенин, ага кантип дуушар болуп калуу боюнча кеңири маалымат берди. Кылмыш-жаза кодексине ылайык кандай жазалар каралган жана иш алып баруудагы коррупциялык кандай тобокелчиликтер бар экенин айтып ɵттү. Профилактикалык иш, ɵтɵ маанилүү экени белгиленип, таза жана так иштɵɵ ар бир мамлекеттик кызматкердин милдети экени баса белгиленди.