Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында “Жашыл Мурас” Улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү

Чуйская область
Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында “Жашыл Мурас” Улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү

2025-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында “Жашыл Мурас” Улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү.


Бул иш-чаранын алкагында парктын Кемин бөлүмүнө караштуу Калмак-Ашуу кыдыртмасынын 1 гектар жерине 330 даана жөнөкөй кызыл карагай (сосна обыкновенная) көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага жаратылыш паркынын кызматкерлери жана Кемин району боюнча 9–11-класстын бүтүрүүчү окуучулары активдүү катышышты.


Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө өзгөчө демилге көрсөтүп, колдоо көрсөткөн Калмак-Ашуу айылынын тургундары — Абдрашитов Элмир, Рыспек уулу Адись жана Касмалиев Жамил мырзаларга терең ыраазычылык билдиребиз.


Жаратылыш паркынын администрациясы жаш муунду жаратылышты сүйүүгө жана ага кам көрүүгө үндөгөн мындай иш-чаралар мындан ары да улана берерин белгилейт.