Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында “Жашыл Мурас” Улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү
21-апрель 2025, 14:11

Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында “Жашыл Мурас” Улуттук кампаниясынын алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын алкагында парктын Кемин бөлүмүнө караштуу Калмак-Ашуу кыдыртмасынын 1 гектар жерине 330 даана жөнөкөй кызыл карагай (сосна обыкновенная) көчөттөрү отургузулду. Иш-чарага жаратылыш паркынын кызматкерлери жана Кемин району боюнча 9–11-класстын бүтүрүүчү окуучулары активдүү катышышты.
Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө өзгөчө демилге көрсөтүп, колдоо көрсөткөн Калмак-Ашуу айылынын тургундары — Абдрашитов Элмир, Рыспек уулу Адись жана Касмалиев Жамил мырзаларга терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаратылыш паркынын администрациясы жаш муунду жаратылышты сүйүүгө жана ага кам көрүүгө үндөгөн мындай иш-чаралар мындан ары да улана берерин белгилейт.