Кыргызская геологическая служба разъясняет информацию о запасах газа в Баткенской области
26-декабря 2025, 01:33
Баткен облусундагы газ запастары боюнча маалыматка Кыргыз геологиялык кызматынын түшүндүрмөсү/
Кыргызская геологическая служба Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики сообщает разъяснение в связи с публикациями в СМИ и социальных сетях, в том числе под заголовком «Китайские инвесторы установили 500 млн кубометров запасов газа — что известно о месторождении в Баткене».
Согласно официальным геологическим данным, газонефтяное месторождение Северный Риштан расположено в Кадамжайском районе Баткенской области, в 60 км к юго-востоку от районного центра Кадамжай. По результатам буровых работ и сейсморазведочных исследований методом 2D на месторождении были выявлены нефтяные и газовые залежи. Разработка месторождения велась с 1954 года, и по состоянию на 1 января 1993 года оно было практически полностью выработано. За весь период эксплуатации было пробурено 46 скважин.
Газовое месторождение Южный Риштан, также расположенное в Кадамжайском районе Баткенской области, в 60 км к юго-востоку от станции Фуркат, было открыто в 1989 году.
Следует отметить, что в течение длительного времени добыча углеводородов на ряде месторождений, расположенных на территории Кыргызской Республики, осуществлялась Республикой Узбекистан. В соответствии с актом приёма-передачи от 15 июня 2000 года АО «Кыргызнефтегаз» приняло от АК «Узбекнефтегазодобыча» нефтяные и газовые месторождения Бургандинского массива, расположенные в Баткенской области.
9 сентября 2008 года ОАО «Баткеннефтегаз» была выдана лицензия № 930 НЕ на право пользования недрами участков Северный Риштан и Южный Риштан с целью разработки нефти и газа сроком действия до 9 сентября 2028 года. Общая площадь лицензионной территории составляла 2 100 гектаров.
1 июля 2019 года компанией было получено лицензионное соглашение № 6 на составление Технического проекта разработки нефти и газа в пределах указанных месторождений. Рекультивационный счёт был открыт в ОАО «Оптима Банк».
Решением Комиссии по вопросам лицензирования недропользования от 25 декабря 2024 года, оформленным протоколом № 79-Н-2024, лицензия № 930 НЕ была аннулирована на основании пункта 4 части 3 статьи 26 Закона Кыргызской Республики «О недрах».
По состоянию на 1 января 2025 года запасы месторождения Северный Риштан, апробированные Государственной комиссией по запасам полезных ископаемых, составляют:
нефть — 654,42 тыс. тонн (геологические), 20,38 тыс. тонн (извлекаемые);
растворённый в нефти газ — 68,62 млн м³ (геологические), 56,61 млн м³ (извлекаемые);
свободный газ — 44,17 млн м³ (геологические), 36,44 млн м³ (извлекаемые).
Запасы свободного газа месторождения Южный Риштан по состоянию на 1 января 2025 года составляют 1 916,02 млн м³ (геологические) и 356,86 млн м³ (извлекаемые).
Кыргызская геологическая служба подчёркивает, что официальная информация о запасах полезных ископаемых формируется исключительно на основании утверждённых геологических данных и решений уполномоченных государственных органов.
Баткен облусундагы газ запастары боюнча маалыматка Кыргыз геологиялык кызматынын түшүндүрмөсү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда, анын ичинде «Кытайлык инвесторлор 500 млн кубометр газ запасын аныктады — Баткендеги кен жайы тууралуу эмне белгилүү?» деген аталыштагы маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Расмий геологиялык маалыматтарга ылайык, Түндүк Риштан газ-мунай кен жайы Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай райондук борборунан 60 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Буроо иштеринин жана 2D ыкмасы менен жүргүзүлгөн сейсмобарлоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында мунай жана газ топтолмолору аныкталган. Кен жай 1954-жылдан тартып иштетилип, 1993-жылдын 1-январына карата дээрлик толук иштетилип бүткөн. Эксплуатация мезгилинде жалпы 46 скважина бургуланган.
Түштүк Риштан газ кен жайы Баткен облусунун Кадамжай районунда, Фуркат станциясынан 60 км түштүк-чыгышта жайгашып, 1989-жылы ачылган.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан айрым кен жайларда көмүрсутектерди өндүрүү узак убакыт бою Өзбекстан Республикасы тарабынан жүргүзүлүп келген. 2000-жылдын 15-июнундагы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык, Баткен облусунда жайгашкан Бурганды массивинин мунай жана газ кен жайлары АК «Узбекнефтегаздобыча» ишканасынан ААК «Кыргызнефтегаз» ишканасына өткөрүлүп берилген.
2008-жылдын 9-сентябрында ААК «Баткеннефтегаз» ишканасына Түндүк Риштан жана Түштүк Риштан участокторунда мунай жана газды иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна № 930 НЕ лицензия 2028-жылдын 9-сентябрына чейин берилген. Лицензияланган участоктун жалпы аянты 2 100 гектарды түзгөн.
2019-жылдын 1-июлунда компанияга аталган кен жайлардын чегинде мунай жана газды иштетүүнүн техникалык долбоорун түзүү боюнча лицензиялык макулдашуу № 6 берилген. Рекультивациялык эсеп ААК «Оптима Банкта» ачылган.
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын 2024-жылдын 25-декабрындагы № 79-Н-2024 протоколу менен кабыл алынган чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде № 930 НЕ лицензиясы жокко чыгарылган.
2025-жылдын 1-январына карата Түндүк Риштан кен жайынын Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген запастары төмөнкүдөй: