Кыргызча
  • Русский
  • English
lms icon

Башкы
Министрлик
  • Министр
  • Жетекчилик
  • Түзүмү
  • Иштин укуктук негиздери
  • Коомдук талкуу
  • Иш-чаралар
Басма сөз борбору
  • Жаңылыктар
  • Видеоотчеттор
Кызматтар
Документтер
Маалымат порталы
  • Суроолор жана жооптор
  • Жарыялоо
  • Бюджеттик маалымат
  • Терминдер
  • Биздин долбоорлор
  • Вакансиялар
  • Аккредитациялоо процедурасы
Ведомстволук уюмдар
Реестрлер
Техникалык консультанттардын реестри
Климаттын өзгөрүүсү
  • Долбоорлор
  • РКИК ООН
  • Париж келишими
  • Киото протоколу
  • ОНУВ
  • НАП
  • ПГ инвентаризациясы
      Оценка выбросов и поглощений парниковых газов Инвентаризациясы ПГ кадастры
  • Документтер
Коррупцияга каршы чаралар
Проект улучшения качества воздуха в КР
"Жашыл Мурас"
Жарандардын кайрылуусу
Кайрылуу жазуу
Байланыш
Конкурс на разработку логотипа Национального символа Кыргызской Республики
Показатели
Кыргызча
  • Русский
  • English
lms icon visually impared icon
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш
ресурстары, экология жана
техникалык көзөмөл министрлиги
Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора
Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча даттануу
  1. Башкы
  2. Баракча
  3. Иш-чаралар

Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги

Толук аты
Түрү 6
Багыты 6
Кабыл алынган датасы 6
Документ Жүктөө

Министрлик, КР “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” 2023-жылдын 15-августунда күчүнө кирген жаңы №181  мыйзамга ылайык, ӨКЖ (Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги), "булгоочу төлөйт" деген калдыктарды башкаруудагы жаңы принцибин киргизди. Бул тууралуу 2 жыл аралыгында бизнес, импортерлор, өндүрүүчүлөр арасында маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлуп, талкууланды. 

Бул принцип, товар жана товардалдын таңгактарын импорттоочулар,  жана өндүрүүчүлөрдүн  жоопкерчилигин аныктайт (төлөөчүлөр).

Төлөөчүлөр, өздөрүнүн товарларынын, таңгактарынын керектөө касиеттерин жоготкондон кийинки пайда болгон калдыктарды милдеттүү  түрдө өз алдынча кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдерин аткарууну же болбосо утилдештирүү жыйымын төлөөнү камсыздашат. 

Утилдештирүү жыйымын төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган: 

  • калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү боюнча ишканаларды курууга дем берүү, калдыксыз алдыңкы технологияларды киргизүү; таштанды өрттөөчү заводдорду, сорттоочу линияларды куруу, техникаларды сатып алуу, калдыктарды өзүнчө чогултуу системасын киргизүү, экинчи ресурстар рыногун өнүктүрүү; пайдалуу калдыктарды полигондорго көмүү практикасын жоюу, таштанды полигондорунун жана өндүруш полигондорунун санын кыскартуу, экологиялык ишкердикти өнүктүрүү;
  • тилдештирүү жыйымы ТНВЭД коддоруна ылайык - 24 топ боюнча товарлардан жана таңгактардан өндүрүлөт. Алар көйгөйлүү, кайра иштетүү кыйын болгон кооптуу калдыктарды түзөт: пластик калдыктары жана пакеттер, иштетилген майлар, автотранспорттун аккумуляторлору, электромобилдердин аккумуляторлору, электрондук калдыктар, 6-катмарлуу аралаш таңгактар (тетрапактар), автошиналар жана башкалар. 

Декларациянын  жана утилизациялык жыйымдын суммасын эсептөө формалары, аларды толтуруу жана эсептөө нускамалары Министрликтин 01.01.2025 ж. № 01-01-40 буйругу менен бекитилип, официалдык сайтында жайгаштырылган.

Утилдештирүү жыйымы салыктык эмес киреше болуп саналат. Төлөөчүлөр 2025-жылдын 1 январынан тартып, товарларды, таңгактарды кайра иштетүү ченемдерин өз алдынча камсыз кылуу же төмөнкү реквизиттер боюнча төлөм жүргүзүшү керек:

Уюмдун аты: «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин мекемеси»; 

СИН: 00306202110080;  

ИУРК: 30968288;  

Банктын аты: БК КР ФМ;  

БИК: 440001;  

э/э: 4402011000102181;  

Төлөмдүн коду: 14153200;  

Максаты: Утилдештирүү жыйымы.

Андан ары, Утилдештирүү жыйымы ӨКЖ Операторунун эсебине түшөт. ӨКЖ Оператору мыйзамга ылайык, каражаттарды башкарган юридикалык жак болуп саналат. Азыркы учурда  ӨКЖ Операторун түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

Товарлардын тизмесин, таңгагын, төлөмдүн ставкасын аныктоо боюнча бардык механизмдери, өндүрүп алуу тартиптери төмөнкү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен кабыл алынды:

1. “Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүчү товарлардын жана алардын таңгактарынын тизмесин жана товарларды пайдалануудан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдерин бекитүү жөнүндө”  КР МК токтому №322 09.06.2024ж;

2. “Товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана товарларды импорттоочулардын товарларды пайдалануудан чыккан калдыктарды кайра иштетүүнүн ченемдеринин аткарылышы жөнүндө отчет берүү Тартибин бекитүү тууралуу”  КР МК  токтому №563 13.09.2024 ж;

3.“Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон КР аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товарлардын санын, товарлардын таңгагын декларациялоосу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” КР МК токтому №545  06.09.2024 ж;

4. “Товарлардын ар бир тобу, керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүчү товарлардын таңгактоо тобу боюнча утилдештирүү жыйымын төлөөнүн жана утилдештирүү жыйымынын ставкасын белгилөөнүн Тартибин бекитүү жөнүндө” КР МК токтому №730  03.12.2024 ж.

Төлөөчүлөргө эскертүү: Мыйзамды билбөө, жоопкерчиликтен куткарбайт!

icon

Информация по РОП на Гос и Оф языках

27.74 KB

icon

ПКМ 6 сентября 2024 года № 545

31.5 KB

icon

ПКМ 3 декабря 2024 года № 730

50 KB

icon

№563 от13.09.24г. Порядок представления производит...

142.5 KB

icon

№545 от 6.09.24 г.Положение о декларировании произ...

44 KB

icon

№ 730 от 3.12.24г.Порядок уплаты утилизационного с...

77.5 KB

icon

563 от 13.09.24г.Постановление Кабинета Министров...

31 KB

посетители: 92805 за 24 часа: 235 просмотры: 451600
© 2025 Бардык укуктар корголгон.