КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРYYГӨ СУРОО-ТАЛАП (КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР - КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫ ТАНДОО) КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУ
24-ноябрь 2026, 14:15
КЫЗЫКЧЫЛЫКТЫ БИЛДИРYYГӨ СУРОО-ТАЛАП (КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР - КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫ ТАНДОО)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АБАНЫН САПАТЫН ЖАКШЫРТУУ» ДОЛБООРУ
ТАПШЫРМАНЫН АТАЛЫШЫ:
БИШКЕК ШААРЫНЫН АЛЫКУЛОВ КӨЧӨСҮНДӨГҮ ШААРДЫК ЖАШЫЛДАНДЫРУУНУН ДЕТАЛДУУ ДОЛБООРУН ИШТЕП ЧЫГУУ, ДОЛБООРДУК-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТТЕРДИ (ДСД) ДАЯРДОО ЖАНА АНЫН КУРУЛУШУНА АВТОРДУК КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Долбоордун аталышы: Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу
Кредиттин номери: IDA-74340
Тапшырманын аталышы: Бишкек шаарынын Алыкулов көчөсүндөгү шаардык жашылдандуруунун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу, долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) даярдоо жана анын курулушуна автордук көзөмөл жүргүзүү
Тендер № (Сатып алуулар планына ылайык): №AQIP/1.2/CQS/N3-2026
Кыргыз Республикасы «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун чыгымдарын жабуу үчүн Дүйнөлүк банктан каржылоо алды жана ушул каражаттардын бир бөлүгүн консультациялык кызматтарды төлөөгө жумшоону көздөйт.
Консультациялык кызматтар («Кызматтар») абанын сапатын жакшыртуу максатында Бишкек шаарын жашылдандыруунун долбоорун, тактап айтканда, Алыкулов көчөсүн жашылдандыруунун деталдуу долбоорун иштеп чыгууну камтыйт; аткаруу мөөнөтү, тапшырманы аткарууну баштоонун болжолдуу датасы ж.б. тиркелген техникалык тапшырмада аныкталат. Кызматтар тиркелген техникалык тапшырмага толук шайкеш көрсөтүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ) талаптарга жооп берген консалтингдик компанияларды («Консультанттарды») Кызматтарды көрсөтүүгө кызыкдарлыгын билдирүүгө чакырат. Кызыкдар Консультанттар Кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл квалификациясы жана тиешелүү тажрыйбасы бар экендигин тастыктаган маалыматты берүүгө тийиш.
Талапкерлерди тандоо критерийлери (1-тиркемени караңыз):
- «Жашыл»/«боз» инфраструктураны[1] өнүктүрүү/ага инвестициялоо боюнча аралаш долбоорлорду пландоодо, анын ичинде алдын ала жана деталдуу долбоорлорду жана сметаларды даярдоодо кеминде он (10) жылдык тажрыйба;
- Аймактарды комплекстүү жашылдандыруу боюнча долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу тажрыйбасы, анын ичинде жашыл өсүмдүктөрдү пландоо, вертикалдык жана көп деңгээлдүү жашылдандыруунун элементтерин интеграциялоо, ошондой эле шаардык чөйрөнү жакшыртууга жана жагымсыз факторлордун таасирин азайтууга багытталган заманбап архитектуралык-пландоо ыкмаларын колдонуу;
- Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирди баалоону, экологиялык жана социалдык башкаруу пландарын, көчүрүү боюнча иш-аракеттер пландарын даярдоодо кеминде 7–10 жылдык тажрыйба, анын ичинде Дүйнөлүк банктын экологиялык жана социалдык саясатын билүү;
- Архитектуралык-курулуш долбоорлоо, шаар куруу пландоосу, аймактарды комплекстүү абаттандыруу жана өнүктүрүү тармагында мүнөзү, көлөмү жана татаалдыгы боюнча окшош же салыштырылуучу кеминде бир тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыгы артыкчылык катары каралат.
Негизги эксперттер талапкерлерди тандоо этабында бааланбайт.
Кызыкдар консультанттардын көңүлүн Дүйнөлүк банктын 2016-жылдын июлундагы «Инвестициялык долбоорлорду каржылоо (IPF) боюнча карыз алуучулар үчүн сатып алуу эрежелеринин» («Сатып алуу эрежелери») III бөлүмүнүн 3.14, 3.16 жана 3.17-пункттарына бурабыз. Аталган пункттарда Дүйнөлүк банктын кызыкчылыктардын кагылышуусуна карата саясаты баяндалган. Мындан тышкары, ушул тапшырмага тиешелүү кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча төмөнкү конкреттүү маалымат менен таанышып чыгууңуздарды суранабыз.
Консультанттар өздөрүнүн квалификациясын жогорулатуу максатында башка фирмалар менен өнөктөштүк мамилелерге кире алышат, бирок мындай кызматташтык биргелешкен ишкана жана/же субподряд түрүндө жүзөгө ашырыларын так көрсөтүүгө тийиш. Биргелешкен ишкана түзүлгөн учурда, келишим түзүлсө, андагы бардык өнөктөштөр келишимдин толук көлөмү боюнча тилектеш жоопкерчилик тартышат.
Консультант Дүйнөлүк банктын Сатып алуу эрежелеринде көрсөтүлгөн Консультанттын квалификациясына негизделген тандоо (CQS) ыкмасына ылайык тандалат.
Кошумча маалыматты төмөндө көрсөтүлгөн дарек боюнча иш убагында, саат 09:00дөн 18:00гө чейин алууга болот.
Кызыкдарлык жөнүндө арыздар жазуу түрүндө төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине 2026-жылдын 8-декабрында саат 14:00дөн кечиктирилбестен (Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын убактысы боюнча) берилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору
Дарек: Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 2, 115-кеңсе.
Телефон: +996 (554) 105 002, +996 (999) 089 000
Электрондук почта: aqip.procur@gmail.com, airqualitypiu@gmail.com, seidanasn@gmail.com
[1] «Жашыл инфраструктура» – көчөлөрдү жана коомдук мейкиндиктерди жашылдандыруу, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу жана калыбына келтирүү, жашыл аймактарды, парктарды жана скверлерди түзүү, ландшафттык долбоорлоо, сугаруу жана сууну үнөмдөө системалары, жаратылышка негизделген чечимдерди колдонуу; «боз инфраструктура» – тротуарлар, жөө жүргүнчүлөр аймактары, жолчолор, абаттандыруу элементтери, инженердик тармактар, суу агызуу жана дренаж системалары, жарыктандыруу, чакан архитектуралык формалар жана шаардык инфраструктуранын башка зарыл элементтери.