БИШКЕК, 2025-жылдын 4-декабры – Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны тездетүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык тобокелчиликтерден коргоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тобу бүгүн жарыялаган Кыргыз Республикасы боюнча Климат жана Өнүгүү баяндамасында (CCDR) айтылат.

Чүй өрөөнү
БИШКЕК, 2025-жылдын 4-декабры – Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны тездетүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык тобокелчиликтерден коргоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тобу бүгүн жарыялаган Кыргыз Республикасы боюнча Климат жана Өнүгүү баяндамасында (CCDR) айтылат.

БИШКЕК, 2025-жылдын 4-декабры – Кыргызстандын экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу өлкөгө экономикалык трансформацияны тездетүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калкты өсүп жаткан климаттык тобокелчиликтерден коргоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тобу бүгүн жарыялаган Кыргыз Республикасы боюнча Климат жана Өнүгүү баяндамасында (CCDR) айтылат.

Өнүгүү, чакырыктар жана тобокелчиликтер

Кыргыз Республикасы 2000-жылы жакырчылыктын деңгээлин 62,6%дан 2024-жылы 26%дан төмөнгө чейин кыскарта алды. Бирок экономикалык өсүштүн жана жумуш орундарын түзүүнүн темпи өлкөнүн өнүгүү максаттарынан артта калууда. Министрлер Кабинети 2030-жылга чейин орто жогору кирешелүү өлкө макамына жетүүнү, туруктуу ИДП өсүшүн жана сапаттуу жумуш орундарын көбөйтүүнү көздөйт, бирок климаттык соккулар бул максаттарга коркунуч жаратууда.

Алдыдагы жылдарда катуу жааш, бороон-шамал, жер көчкүлөр, өтө ысык аба ырайы жана кургакчылыктын көбөйүшү экономикалык өнүгүүнү жайлатат деп күтүлүүдө. Прогноздорго ылайык, кылымдын ортосуна чейин климаттык таасирлер ИДПны 2–4%га чейин төмөндөтүшү мүмкүн. Эң чоң таасир айыл чарбасына жана негизги инфраструктурага тийип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жана транспорттук байланышуусуна терс таасирин тийгизет. 2040-жылга чейин дагы 170 миңге жакын адам, негизинен айыл жергесинде, жакырчылыктын чегинен төмөндөп кетиши мүмкүн.

Айыл чарбасында сугаруу суусунун тартыштыгы 24%га чейин жетип, жылдык киреше жоготуулары 5–10%ды түзүшү мүмкүн. Инфраструктура – өзгөчө жолдор жана көпүрөлөр – бир топ көп каражатты талап кылат: оңдоо иштери жылына 100 млн доллардан ашышы мүмкүн. Жер көчкүлөрдүн көбөйүшү суу каптоолордун коркунучун 24–38%га жогорулатат, инфраструктурага келтирилчү мүмкүн болгон зыян 72%га чейин өсүшү мүмкүн.

Мүмкүнчүлүктөр

Ошол эле учурда, бир катар тармактар жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдөн пайда көрүшү мүмкүн. Дарыялардын агымынын көбөйүшүнүн эсебинен 2050-жылга чейин гидроэнергия өндүрүү 11%га чейин өсүшү күтүлөт, бирок суу сактагычтардын ылайлануусу натыйжалуулукту төмөндөтөт. 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү абанын тазалышын жакшыртат, энергетикалык коопсуздукту бекемдейт, энергияны үнөмдөөгө жана 3,5 млрд долларга чейин экспорттук киреше, ошондой эле мунай продуктыларын импорттоодон 3 млрд долларга чейин үнөмдөөгө шарт түзөт.

Мамлекеттик инфраструктурага салынган инвестициялар жеке секторду да тартат, бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн энергетика, курулуш жана транспорт тармактарына кошумча 10 млрд доллар инвестиция талап кылынат.

Адаптация жана жумуш менен камсыздоо

Инфраструктурага багытталган адаптациялык чаралар курулуш секторунда 20 миңге чейин жумуш ордун түзө алат. Энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, жогорку технологиялуу өндүрүштү, айыл чарбасын жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө багытталган декарбонизация дагы 20–25 миң жумуш ордун камсыздай алат. Бул мүмкүнчүлүктөр негизинен квалификациялуу кадрларды талап кылат, ошондуктан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча колдоо зарыл.

Эгерде адаптация жүргүзүлбөсө, эмгектин өндүрүмдүүлүгү жана жумуш менен камсыздоо, айрыкча аялуу топтор арасында, солгундап калышы мүмкүн. CCDRдин эсебинде, маанилүү тармактарды «климаттык коргоого» алуу үчүн жылына ИДПнын 0,2%ынан аз каражат талап кылынат – бул кылымдын ортосуна карата болжол менен 1 млрд долларды түзөт. Башкы чаралар: суу тартыштыгын жоюу, климатка туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн илгерилетүү, инфраструктураны чыңдоо жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу. Ландшафтарды калыбына келтирүү сыяктуу жаратылышка багытталган чечимдер жер көчкүлөрдөн келтирилүүчү зыянды 26 млн долларга чейин азайта алат.

Каржылоого болгон муктаждык

Баяндамада белгиленгендей, климаттык тобокелчиликтерге каршы натыйжалуу аракеттенүү үчүн мамлекет менен жеке сектордун биргелешкен кадамдары талап кылынат. Туруктуу мамлекеттик финансы шартында адаптацияга кетчү чыгымдар макроэкономикалык туруктуулукка зыянын тийгизбестен мамлекеттик ресурстардан каржыланышы мүмкүн. Жандуу жеке сектор экономикалык өсүштү тездетип, климаттык чыгымдарды азайта алат, ал эми декарбонизацияга кеткен чыгымдар 2050-жылга чейин карыздын туруктуулугуна зыянын тийгизбейт.

Негизги инструменттер болуп көмүртектин баасын жөнгө салуу, «жашыл» инвестицияларды тартуу үчүн стимулдар, гидроэнергетика боюнча региондук кызматташуу жана эл аралык климаттык каржылоо саналат.

Баяндаманын негизги сунуштары:
 • Иригация жана айыл чарба тармагында комплекстүү пландоо жана адаптациялык чараларды күчөтүү.
 • Инфраструктураны чыңдоо жана экстремалдуу аба ырайына туруктуулукту жогорулатуу үчүн ландшафттарды башкарууну жакшыртуу.
 • Өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана тобокелдиктерди башкаруу системаларын өркүндөтүү.
 • Энергоэффективдүүлүктү жогорулатуу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана жеке инвестицияларды стимулдаштырууга багытталган реформаларды жүргүзүү.
 • Ички жана тышкы жеке инвестицияларды жана климаттык каржылоону тартууга шарт түзүү.