Таза Кыргызстан бизден башталат: Министр А. Токтобаев жана Министрликтин жамааты Улуттук тазалык күнүнө чыгышты
18-апрель 2026, 13:03
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 18-апрелинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери министр Акыл Токтобаевдин жетекчилиги алдында чоң экологиялык акция өткөрүштү. Бул иш-чара Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча белгиленип жаткан Улуттук тазалык күнүнүн алкагында уюштурулду.
Тазалоо иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп, Борбор калаада «Сейил» паркы тазаланып, Боз-Болток тоосунун боорлору таштандыдан арылтылды. Ошондой эле облустардагы регионалдык башкармалыктар, бөлүмдөр коруктарды жана эс алуу жайларын иретке келтиришти.
Негизги максат — жөн гана чогултуу эмес, кайра иштетүү:
Акция заманбап эрежелер менен өттү — таштандылар жөн эле баштыктарга салынбастан, ошол жерден сорттолуп : Пластик, айнек жана кагаздар өз-өзүнчө бөлүнүп, андан ары кайра иштетүүгө жөнөтүлдү. Бул таштандылардын жерди булгабай, пайда алып келиши үчүн жасалган маанилүү кадам болуп саналат.
«Биздин максат — ар бир кыргызстандык таштандыны сорттоп таштоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга көнүшү керек. Таза өлкө — бул бир жолку эле ишембилик эмес, бул баарыбыздын жоопкерчилигибиз жана жашоо образыбыз болушу кажет», — деп белгиледи министр Акыл Токтобаев.
Жаратылыш ресурстары министрлиги эскертет: экологияга кам көрүү — бул биздин келечек муундар алдындагы милдетибиз. Ата мекенибиздин сулуулугун бирге сактайлы!
.