Франциялык жаратылыш сүйүүчүлөр Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунда жапайы жаныбарларды сүрөткө түшүрүштү
21-октябрь 2025, 13:15
Франциялык жаратылыш сүйүүчүлөр Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунда жапайы жаныбарларды сүрөткө түшүрүштү
2025-жылдын октябры айында Франция мамлекетинен келген жаратылыш сүйүүчүлөрдүн тобу (“Wildlife Expeditions Kyrgyzstan”) ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк жаратылыш мурастарынын тизмесине кирген Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жапайы жаныбарларды сүрөткө тартуу иш-чарасын өткөрүштү.
Экспедициянын негизги максаты — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүнө баа берүү, Кыргызстандын Батыш Тянь-Шань аймагында байырлаган жапайы жаратылышын эл аралык деңгээлде таанытуу, биотүрдүүлүктүн абалы тууралуу маалымат алуу жана экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошуу болуп сананат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан керектүү жабдуулар менен камсыздалып, техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, жапайы жаныбарлардын тынчтыгын бузбоо боюнча бардык талаптарды аткарышты.
Сүрөткө тартылган материалдар Кыргызстандын жаратылышын дүйнөлүк коомчулукка таанытуу максатында пайдаланылмакчы.