Кыргызстандын тоо-кен тармагы: 2035-жылга карата экологиялык тазалык, жогорку технологияларга жана туруктуу өнүгүүгө багыт

Чүй өрөөнү
Кыргызстандын тоо-кен тармагы: 2035-жылга карата экологиялык тазалык, жогорку технологияларга жана туруктуу өнүгүүгө багыт
Бишкек, 16-апрель — «Кыргызалтын» ААКтын базасында Кыргыз Республикасынын Жер казынасын пайдалануучулар союзу тарабынан уюштурулган «Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегиясы» аттуу тоо-кен форуму өлкөнүн негизги тармактык аянтчаларынын бирине айланды.


Иш-чара глобалдык экономикалык кайра түзүүлөр шартында стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын, бизнестин, илимий чөйрөнүн жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча маанилүү аянтча болду.


Форумда КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А. Токтобаев сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө өлкөнүн эбегейсиз ресурстук потенциалын белгиледи: «Кыргызстанда алтындын, күмүштүн, сейрек кездешүүчү металлдардын жана башка пайдалуу кендердин эң бай кендери бар. Азыркы учурда өлкөдө 1000ге жакын келечектүү геологиялык тилкелер изилденүүдө. Бирок биз так түшүнөбүз: бул ресурстардын баалуулугу алардын көлөмүндө эмес, биз аларды канчалык коопсуз жана жоопкерчиликтүү пайдалана алганыбызда».


Министр тоо-кен тармагы салыктык түшүүлөрдүн, жумуш орундарынын жана аймактык өнүгүүнүн маанилүү булагы экенин белгиледи. Бирок, анын андан аркы өсүшү экологиялык нормаларды так сактоосуз, жер казынасын пайдалануу процесстеринин ачыктыгысыз жана инновациялык жаңылыктарсыз мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.
Ушуга байланыштуу, А. Токтобаев камсыздоо системаларын түзүү боюнча ведомствонун артыкчылыктуу милдеттерин санап өттү:
* Кепилденген айлана-чөйрөнү коргоо жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштыруу;
* өнөр жай объектилерин катуу техникалык көзөмөлгө алуу;
* Кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайына эң мыкты жеткиликтүү технологияларды пландуу киргизүү;
* Жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын милдеттүү түрдө эске алуу жана алардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу.


Министр А. Токтобаев белгилегендей, биргелешкен аракеттер менен ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чоң иштер аткарылды. Күн тартибинде жаңы масштабдуу чакырыктар турат:
* минералдык ресурстарды эсепке алуунун улуттук стандарттарын Эл аралык ассоциациянын талаптарына шайкеш келтирүү;
* көз карандысыз экспертиза жүргүзүү жана финансылык пландаштыруу үчүн тармактык аналитикалык борбор түзүү;
* экологиялык мониторинг жана контролдоо системасын колдоо;
* алдыңкы техникалык билимдерди экологиялык сабаттуулук менен айкалыштырган жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.


Бул кадамдардын бардыгы «Тоо-кен өнөр жайы: Кыргызстандын 2035-жылга чейинки келечеги» бирдиктүү стратегиясын ишке ашыруунун негизин түзөт. «Анын максаты — тармакты жогорку технологиялык, экологиялык жактан коопсуз жана социалдык жоопкерчиликтүү экономика секторуна өткөрүү, жаратылышка жана жарандардын жашоосуна зыян келтирбестен Кыргызстандын дүйнөлүк рыноктогу туруктуу ордун камсыз кылуу», — деп жыйынтыктады А. Токтобаев.


Форумдун ишине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Э. Акунбеков, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А. Токтобаев, Финансы, Экономика жана коммерция министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Бизнес-сектордун атынан алдыңкы тоо-кен компанияларынын жетекчилери: «Кыргызалтын» ААК, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, «Алтын Кен» ЖЧК, «Алтын Альянс» ЖЧК, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жана башкалар катышты. Ошондой эле алдыңкы жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн эксперттери активдүү катышты.


Иш-чаранын башкы максаты — мамлекет, бизнес жана коом ортосундагы балансты сактоого басым жасоо менен Кыргызстандын экономикасынын базалык секторунун туруктуулугун жогорулатуу боюнча практикалык чечимдерди кабыл алуу болду.


Панелдик сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик чечимдерди өнүктүрүү, ошондой эле тармактын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу жолдорун талкуулашты. Форум Кыргыз Республикасынын тоо-кен комплексин андан ары реформалоо жана өнүктүрүү үчүн багыт боло турган стратегияны иштеп чыгуу менен аяктады.